ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕHЧИКТЕГИ ТОВАРДЫК БЕЛГИЛЕР ЖАНА ТЕЙЛӨӨ БЕЛГИЛЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕHЧИКТЕГИ ТОВАРДЫК БЕЛГИЛЕР ЖАНА ТЕЙЛӨӨ БЕЛГИЛЕРИ – өзүнчө бир өндүрүп чыгаруучунун товарын же көрсөткөн кызматын экинчи өндүрүп чыга­руучунун бир тектүү товарынан ж-а көрсөткөн кызматынан айырмалоо үчүн кызмат кылган белгилер. Товардык белги өзүнчө өзгөчөлүккө ж-а айрмалоочу мүнөзгө ээ болушу зарыл. Товардык белгилердин түрлөрү: сөздөрдөн тур­ган белгилер – алар сөз, тамгалардын айкалы­шы, сүйлөм, ошондой эле алардын айкалыштары түрүндө болот; сүрөт белгилери – алар жандуу нерселердин, буюмдардын, жаратылыш ж-а баш­ка объектилердин сүрөттөрү, ошондой эле ар кандай формадагы фигуралар, композициялар, сызык­тар, тактар, тегиздиктеги фигуралар; көлөмдүү белгилер – алар үч өлчөмдүү объектилер, фигу­ралар, сызыктар м-н фигуралардын комбина­циялары; комбинацияланган белгилер – алар ар башка элементтердин, сүрөттөрдүн, сөздөрдөн турган белгилердин, көлөмдүү ж. б. белгилердин комбинациясы түрүндө болот.