ИНСТИТУТТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

03:14, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

ИНСТИТУТТАР – саясий ж-а социалдык көрү­нүштөрдүн эки тибин түшүндүрөт: 1) уюштурул­ган структурасы, борбордоштурулган башкаруу­су, аткаруучу аппараты бар саясий мекемелер (бийлик И-ы: өкмөт, мыйзам чыгаруучу өкүлдөр жыйыны, обл., шаардык, райондук, айылдык кеңештер ж. б.); 2) саясий функциялардын, ма­милелердин, башкаруу түрлөрүнүн формалары ж-а маңызы: президенттик бийликтин И-ы, мамл. өкүлчүлүктүн И-ы (парламент ж. б. мамл. бийликтин өкүлчүлүк органынын мүчөлөрүн шайлоо процедурасы), партиялардын, ассоциа­циялардын И-ы (коомдун мүчөлөрүнүн кандай­дыр бир белги ж-а себептери б-ча топторго би­ригүүсү) ж. б. Демокр. мамлекеттерде И. ачык, эркин аракеттенүүлөрү м-н авторитардык, тота­литардык саясий түзүлүштөрдөн айырмаланат.