ИНСТИТУТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНСТИТУТТАР – саясий ж-а социалдык көрү­нүштөрдүн эки тибин түшүндүрөт: 1) уюштурул­ган структурасы, борбордоштурулган башкаруу­су, аткаруучу аппараты бар саясий мекемелер (бийлик институттары: өкмөт, мыйзам чыгаруучу өкүлдөр жыйыны, облустук, шаардык, райондук, айылдык кеңештер ж. б.); 2) саясий функциялардын, ма­милелердин, башкаруу түрлөрүнүн формалары ж-а маңызы: президенттик бийликтин институттары, мамлекеттик өкүлчүлүктүн институттары (парламент ж. б. мамлекеттик бийликтин өкүлчүлүк органынын мүчөлөрүн шайлоо процедурасы), партиялардын, ассоциа­циялардын институттары (коомдун мүчөлөрүнүн кандай­дыр бир белги ж-а себептери боюнча топторго би­ригүүсү) ж. б. Демократиялык мамлекеттерде институттар ачык, эркин аракеттенүүлөрү м-н авторитардык, тота­литардык саясий түзүлүштөрдөн айырмаланат.