ИНЖЕКТОР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
06:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы
ИНЖЕ́КТОР (лат. injicio, фр. injecteur – ыргытам) – газ ж-а бууну кысуучу, о. эле түрдүү аппаратка ж-а идишке суюктукту, газды кысып (сүрүп) киргизүүчү агымдуу насос. И. паровоз, локомобиль ж-а анча чоң эмес казан курулма-
ларында буу казанына суу жиберүү үчүн колдонулат. И-дун иш-аракети буу агымынын кинетикалык энергиясын суунун потенциалдык энергиясына айландырууга негизделген. И-го кирүүчү суунун темп-расы 40°Сден ашпашы керек. И. тик же горизонталдык абалда жайгашат. И. туруктуу ж-а көчмө чакан курулмаларда орнотулат. Анын өндүрүмдүүлүгү төмөн ж-а жогорку темпрада иштебейт. Газды, бууну ж-а суюктукту соруп алууга ылайыкталган И. э ж е к т о р деп аталат.