ИНЖЕКТОР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИНЖЕ́КТОР (лат. injicio, фр. injecteur – ыргытам) – газ ж-а бууну кысуучу, ошондой эле түрдүү аппаратка ж-а идишке суюктукту, газды кысып (сүрүп) киргизүүчү агымдуу насос. Инжектор паровоз, локомобиль ж-а анча чоң эмес казан курулма-
ларында буу казанына суу жиберүү үчүн колдонулат. Инжектордун иш-аракети буу агымынын кинетикалык энергиясын суунун потенциалдык энергиясына айландырууга негизделген. Инжекторго кирүүчү суунун температурасы 40°Сден ашпашы керек. Инжектор тик же горизонталдык абалда жайгашат. Инжектор туруктуу ж-а көчмө чакан курулмаларда орнотулат. Анын өндүрүмдүүлүгү төмөн ж-а жогорку температурада иштебейт. Газды, бууну ж-а суюктукту соруп алууга ылайыкталган Инжектор э ж е к т о р деп аталат.