ИНВЕСТИЦИЯЛАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНВЕСТИЦИЯЛАР</b> (англ. inuestments) – | <b type='title'>ИНВЕСТИЦИЯЛАР</b> (англ. inuestments) – мамлекеттик же жеке менчик капиталды өлкөнүн ичиндеги ж-а тышкаркы эл чарбасынын ар түрдүү тар­мактарына пайда табуу максатында узак мөө­нөткө салуу. Инвестициялар финансылык‚ реалдуу‚ интел­лектуалдуу болуп бөлүнөт. Финансылык инвестициялар – корпорациялар же мамлекет чыгарган акция­ларга‚ облигацияларга ж. б. баалуу кагаздарга‚ ошондой эле тезаврация объекттерине‚ банк депозит­терине капитал салуу. Реалдуу инвестициялар – жеке мен­чик фирма же мамлекет тарабынан тигил же бул продукция өндүрүшүнө капитал салуу; реал­дуу капиталдын (имарат‚ курулма‚ жабдуу‚ то­вар-материалдык запастар ж. б.) түзүлүшүн бол­жолдойт. Интеллектуалдуу инвестициялар – биргелешкен илимий иштеп чыгуулар, тажрыйба алмашуу, лицен­зия‚ ноу-хау берүү‚ адистерди курстарда даяр­доо‚ кадрларды кайра даярдоо ж. б. Менчик ж-а мамлекеттик инвестициялар өз ара каржылоо багыттары‚ мак­саттары‚ булактары б-ча айырмаланат. Менчик инвестициялар экономиканын пайда табуу үчүн жакшы шарттары бар тармактарына багытталат. Мамлекеттик инвестициялар негизинен аскердик максаттарга‚ ошондой эле эко­номиканы өнүктүрүүнү жөнгө салууга жумша­лат. Рынок экономикасынын шарттарында мен­чигинин ж-а чарба жүргүзүүсүнүн түрүнө кара­бастан‚ бардык инвесторлордун укуктары бир­дей ж-а капитал салуунун‚ анын көлөмүнүн‚ түзүлүшүнүн‚ натыйжалуулугунун багыттарын аныктоодо толук өз алдынчалыкка ээ. Инвестицияларды мамлекеттик жөнгө салуу салык салуу‚ амортизация­лык саясат ж. б. экономикалык ыкмалар м-н ишке ашы­рылат. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
03:19, 21 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНВЕСТИЦИЯЛАР (англ. inuestments) – мамлекеттик же жеке менчик капиталды өлкөнүн ичиндеги ж-а тышкаркы эл чарбасынын ар түрдүү тармактарына пайда табуу максатында узак мөөнөткө салуу. Инвестициялар финансылык‚ реалдуу‚ интеллектуалдуу болуп бөлүнөт. Финансылык инвестициялар – корпорациялар же мамлекет чыгарган акцияларга‚ облигацияларга ж. б. баалуу кагаздарга‚ ошондой эле тезаврация объекттерине‚ банк депозиттерине капитал салуу. Реалдуу инвестициялар – жеке менчик фирма же мамлекет тарабынан тигил же бул продукция өндүрүшүнө капитал салуу; реалдуу капиталдын (имарат‚ курулма‚ жабдуу‚ товар-материалдык запастар ж. б.) түзүлүшүн болжолдойт. Интеллектуалдуу инвестициялар – биргелешкен илимий иштеп чыгуулар, тажрыйба алмашуу, лицензия‚ ноу-хау берүү‚ адистерди курстарда даярдоо‚ кадрларды кайра даярдоо ж. б. Менчик ж-а мамлекеттик инвестициялар өз ара каржылоо багыттары‚ максаттары‚ булактары б-ча айырмаланат. Менчик инвестициялар экономиканын пайда табуу үчүн жакшы шарттары бар тармактарына багытталат. Мамлекеттик инвестициялар негизинен аскердик максаттарга‚ ошондой эле экономиканы өнүктүрүүнү жөнгө салууга жумшалат. Рынок экономикасынын шарттарында менчигинин ж-а чарба жүргүзүүсүнүн түрүнө карабастан‚ бардык инвесторлордун укуктары бирдей ж-а капитал салуунун‚ анын көлөмүнүн‚ түзүлүшүнүн‚ натыйжалуулугунун багыттарын аныктоодо толук өз алдынчалыкка ээ. Инвестицияларды мамлекеттик жөнгө салуу салык салуу‚ амортизациялык саясат ж. б. экономикалык ыкмалар м-н ишке ашырылат.