ИНВЕСТИЦИЯЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНВЕСТИЦИЯЛАР (англ. inuestments) – мамлекеттик же жеке менчик капиталды өлкөнүн ичиндеги ж-а тышкаркы эл чарбасынын ар түрдүү тар­мактарына пайда табуу максатында узак мөө­нөткө салуу. Инвестициялар финансылык‚ реалдуу‚ интел­лектуалдуу болуп бөлүнөт. Финансылык инвестициялар – корпорациялар же мамлекет чыгарган акция­ларга‚ облигацияларга ж. б. баалуу кагаздарга‚ ошондой эле тезаврация объекттерине‚ банк депозит­терине капитал салуу. Реалдуу инвестициялар – жеке мен­чик фирма же мамлекет тарабынан тигил же бул продукция өндүрүшүнө капитал салуу; реал­дуу капиталдын (имарат‚ курулма‚ жабдуу‚ то­вар-материалдык запастар ж. б.) түзүлүшүн бол­жолдойт. Интеллектуалдуу инвестициялар – биргелешкен илимий иштеп чыгуулар, тажрыйба алмашуу, лицен­зия‚ ноу-хау берүү‚ адистерди курстарда даяр­доо‚ кадрларды кайра даярдоо ж. б. Менчик ж-а мамлекеттик инвестициялар өз ара каржылоо багыттары‚ мак­саттары‚ булактары б-ча айырмаланат. Менчик инвестициялар экономиканын пайда табуу үчүн жакшы шарттары бар тармактарына багытталат. Мамлекеттик инвестициялар негизинен аскердик максаттарга‚ ошондой эле эко­номиканы өнүктүрүүнү жөнгө салууга жумша­лат. Рынок экономикасынын шарттарында мен­чигинин ж-а чарба жүргүзүүсүнүн түрүнө кара­бастан‚ бардык инвесторлордун укуктары бир­дей ж-а капитал салуунун‚ анын көлөмүнүн‚ түзүлүшүнүн‚ натыйжалуулугунун багыттарын аныктоодо толук өз алдынчалыкка ээ. Инвестицияларды мамлекеттик жөнгө салуу салык салуу‚ амортизация­лык саясат ж. б. экономикалык ыкмалар м-н ишке ашы­рылат.