ИНВЕНТАРИЗАЦИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНВЕНТАРИЗА́ЦИЯ</b> (лат. inuentarium – мүлк­тү каттоо) – накта материалдык баалуулуктар­дын (негизги ж-а жүгүртүү фонддордун) колдо бар экендигин ж-а абалын‚ | <b type='title'>ИНВЕНТАРИЗА́ЦИЯ</b> (лат. inuentarium – мүлк­тү каттоо) – накта материалдык баалуулуктар­дын (негизги ж-а жүгүртүү фонддордун) колдо бар экендигин ж-а абалын‚ ошондой эле банк эсебин­деги акча каражаттарын‚ каражат калдыкта­рын‚ дебиторлор ж-а кредиторлор м-н башка эсептерди текшерүү. Инвентаризация толук ж-а жарым-жар­тылай‚ пландуу ж-а күтүүсүз деп бөлүнөт. То­лук инвентаризация ишкананын каражаттарынын бардык түрүн ж-а анын бардык эсеп-кысап алакасын текшерүүнү камтыйт. Жарым-жартылай инвентаризация та­бигый азаюу белгилери бар каражат түрүн тек­шерүү үчүн жүргүзүлөт. Пландуу инвентаризация календар­дык график боюнча жыл бою жүргүзүлөт. Күтүүсүз инвентаризация материалдык ж-а акча каражаттарын орун­суз жок кылуунун ж-а уурдоонун алдын алат. Инвентаризацияны өткөрүү администрациянын‚ бухгалтерия­нын өкүлдөрү ж-а өндүрүш кызматкерлери (ин­женерлер‚ техниктер ж. б.) кирген такай иштөө­чү инвентаризациялык комиссияга жүктөлөт. КРде ишкананын мүлкүн ижарага берүүдө‚ сатуу­да‚ сатып алууда‚ ошондой эле мамлекеттик ж-а муниципал­дык бириккен ишканаларды өзгөртүп түзүүдө; жылдык бухгалтердик отчётторду түзүүдө; материалдык жактан жоопкер адамдарды алмаштырууда; мүлктү уурдоо‚ кызмат абалынан кыянат пай­далануу же жараксыз абалга келүү фактыла­ры ашкереленгенде‚ табигый кырсык (өрт‚ кый­роо ж. б.) болгондо‚ ишкана же уюм кайра уюшулганда же жоюлган учурда сөзсүз инвентаризация жүр­гүзүлөт. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
09:41, 20 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНВЕНТАРИЗА́ЦИЯ (лат. inuentarium – мүлктү каттоо) – накта материалдык баалуулуктардын (негизги ж-а жүгүртүү фонддордун) колдо бар экендигин ж-а абалын‚ ошондой эле банк эсебиндеги акча каражаттарын‚ каражат калдыктарын‚ дебиторлор ж-а кредиторлор м-н башка эсептерди текшерүү. Инвентаризация толук ж-а жарым-жартылай‚ пландуу ж-а күтүүсүз деп бөлүнөт. Толук инвентаризация ишкананын каражаттарынын бардык түрүн ж-а анын бардык эсеп-кысап алакасын текшерүүнү камтыйт. Жарым-жартылай инвентаризация табигый азаюу белгилери бар каражат түрүн текшерүү үчүн жүргүзүлөт. Пландуу инвентаризация календардык график боюнча жыл бою жүргүзүлөт. Күтүүсүз инвентаризация материалдык ж-а акча каражаттарын орунсуз жок кылуунун ж-а уурдоонун алдын алат. Инвентаризацияны өткөрүү администрациянын‚ бухгалтериянын өкүлдөрү ж-а өндүрүш кызматкерлери (инженерлер‚ техниктер ж. б.) кирген такай иштөөчү инвентаризациялык комиссияга жүктөлөт. КРде ишкананын мүлкүн ижарага берүүдө‚ сатууда‚ сатып алууда‚ ошондой эле мамлекеттик ж-а муниципалдык бириккен ишканаларды өзгөртүп түзүүдө; жылдык бухгалтердик отчётторду түзүүдө; материалдык жактан жоопкер адамдарды алмаштырууда; мүлктү уурдоо‚ кызмат абалынан кыянат пайдалануу же жараксыз абалга келүү фактылары ашкереленгенде‚ табигый кырсык (өрт‚ кыйроо ж. б.) болгондо‚ ишкана же уюм кайра уюшулганда же жоюлган учурда сөзсүз инвентаризация жүргүзүлөт.