ИНВЕНТАРИЗАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНВЕНТАРИЗА́ЦИЯ (лат. inuentarium – мүлк­тү каттоо) – накта материалдык баалуулуктар­дын (негизги ж-а жүгүртүү фонддордун) колдо бар экендигин ж-а абалын‚ ошондой эле банк эсебин­деги акча каражаттарын‚ каражат калдыкта­рын‚ дебиторлор ж-а кредиторлор м-н башка эсептерди текшерүү. Инвентаризация толук ж-а жарым-жар­тылай‚ пландуу ж-а күтүүсүз деп бөлүнөт. То­лук инвентаризация ишкананын каражаттарынын бардык түрүн ж-а анын бардык эсеп-кысап алакасын текшерүүнү камтыйт. Жарым-жартылай инвентаризация та­бигый азаюу белгилери бар каражат түрүн тек­шерүү үчүн жүргүзүлөт. Пландуу инвентаризация календар­дык график боюнча жыл бою жүргүзүлөт. Күтүүсүз инвентаризация материалдык ж-а акча каражаттарын орун­суз жок кылуунун ж-а уурдоонун алдын алат. Инвентаризацияны өткөрүү администрациянын‚ бухгалтерия­нын өкүлдөрү ж-а өндүрүш кызматкерлери (ин­женерлер‚ техниктер ж. б.) кирген такай иштөө­чү инвентаризациялык комиссияга жүктөлөт. КРде ишкананын мүлкүн ижарага берүүдө‚ сатуу­да‚ сатып алууда‚ ошондой эле мамлекеттик ж-а муниципал­дык бириккен ишканаларды өзгөртүп түзүүдө; жылдык бухгалтердик отчётторду түзүүдө; материалдык жактан жоопкер адамдарды алмаштырууда; мүлктү уурдоо‚ кызмат абалынан кыянат пай­далануу же жараксыз абалга келүү фактыла­ры ашкереленгенде‚ табигый кырсык (өрт‚ кый­роо ж. б.) болгондо‚ ишкана же уюм кайра уюшулганда же жоюлган учурда сөзсүз инвентаризация жүр­гүзүлөт.