ИМПУЛЬСТУУ ФОТОМЕТРИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИМПУЛЬСТУУ ФОТОМЕ́ТРИЯ</b> – фотометрия­нын импульстуу жарык агымын изилдөөчү ж-а аны нерсенин оптикалык мүнөздөмөсүн (чагы­луу, өткөрүү | <b type='title'>ИМПУЛЬСТУУ ФОТОМЕ́ТРИЯ</b> – фотометрия­нын импульстуу жарык агымын изилдөөчү ж-а аны нерсенин оптикалык мүнөздөмөсүн (чагы­луу, өткөрүү коэффициенти ж. б.) аныктоодо колдо­нуучу бөлүмү. Азыркы учурда импульстуу фотометрияда импульс лампасы ж-а лазер колдонулат. Импульстуу фотометрияга негизи­нен мейкиндиктеги энергияны, импульстуу бу­лактын спектрдик ж-а убакыттык мүнөздөмөсүн эсептөө, аларды өлчөө кирет. Лазер техникасы­нын өнүгүшү, өзгөчө когеренттүү нурлануунун нано­ж-а пикосекунд импульсун алуу ыкмасы импульстуу фотометрияга жарык импульсун сызыктуу эмес крис­талл м-н детекторлоо, жогорку тартиптеги кор­реляция (көз карандылык) функциясын колдо­нуу ж. б. сыяктуу өлчөөнүн жаңы ыкмасын иштеп чыгуу маселесин койду. Азыркы импульстуу фотометрияда жарык импульстарынын узактыгына ылайык келген тез иштөөчү ЭЭМдер колдонулат. Ал маа­лыматты убакыттын чыныгы масштабында эсептөөгө мүмкүндүк берет. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
07:57, 20 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИМПУЛЬСТУУ ФОТОМЕ́ТРИЯ – фотометриянын импульстуу жарык агымын изилдөөчү ж-а аны нерсенин оптикалык мүнөздөмөсүн (чагылуу, өткөрүү коэффициенти ж. б.) аныктоодо колдонуучу бөлүмү. Азыркы учурда импульстуу фотометрияда импульс лампасы ж-а лазер колдонулат. Импульстуу фотометрияга негизинен мейкиндиктеги энергияны, импульстуу булактын спектрдик ж-а убакыттык мүнөздөмөсүн эсептөө, аларды өлчөө кирет. Лазер техникасынын өнүгүшү, өзгөчө когеренттүү нурлануунун нанож-а пикосекунд импульсун алуу ыкмасы импульстуу фотометрияга жарык импульсун сызыктуу эмес кристалл м-н детекторлоо, жогорку тартиптеги корреляция (көз карандылык) функциясын колдонуу ж. б. сыяктуу өлчөөнүн жаңы ыкмасын иштеп чыгуу маселесин койду. Азыркы импульстуу фотометрияда жарык импульстарынын узактыгына ылайык келген тез иштөөчү ЭЭМдер колдонулат. Ал маалыматты убакыттын чыныгы масштабында эсептөөгө мүмкүндүк берет.