ИМПУЛЬСТУУ ФОТОМЕТРИЯ
ИМПУЛЬСТУУ ФОТОМЕ́ТРИЯ – фотометриянын импульстуу жарык агымын изилдөөчү ж-а аны нерсенин оптикалык мүнөздөмөсүн (чагылуу, өткөрүү коэффициенти ж. б.) аныктоодо колдонуучу бөлүмү. Азыркы учурда импульстуу фотометрияда импульс лампасы ж-а лазер колдонулат. Импульстуу фотометрияга негизинен мейкиндиктеги энергияны, импульстуу булактын спектрдик ж-а убакыттык мүнөздөмөсүн эсептөө, аларды өлчөө кирет. Лазер техникасынын өнүгүшү, өзгөчө когеренттүү нурлануунун нанож-а пикосекунд импульсун алуу ыкмасы импульстуу фотометрияга жарык импульсун сызыктуу эмес кристалл м-н детекторлоо, жогорку тартиптеги корреляция (көз карандылык) функциясын колдонуу ж. б. сыяктуу өлчөөнүн жаңы ыкмасын иштеп чыгуу маселесин койду. Азыркы импульстуу фотометрияда жарык импульстарынын узактыгына ылайык келген тез иштөөчү ЭЭМдер колдонулат. Ал маалыматты убакыттын чыныгы масштабында эсептөөгө мүмкүндүк берет.