ИМПУЛЬС: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>И́МПУЛЬС</b> (лат. impulsus – сокку, кагылыш) ф и з и к а д а – нерсенин | <b type='title'>И́МПУЛЬС</b> (лат. impulsus – сокку, кагылыш) ф и з и к а д а – нерсенин механикалык кыймылын сан жагынан мүнөздөөчү вектордук чоңдук. P м-н белгиленип, P=mv формуласы м-н туюнтулат. Импульстун бир нече түрү бар: 1) м е х а н и к а л ы к импульс – кыймыл­дын чени, башкача айтканда кыймыл саны. Материянын бар­дык түрлөрү, анын ичинде электр-магниттик ж-а грави­тациялык талаалар да импульска ээ; 2) к ү ч импульсу – белгилүү убакыттагы күч-аракет чени (чоңдугу); ал күчтүн орточо маанисин күч аракеттенген уба­кытка көбөйткөндөгү көбөйтүндүсүнө барабар; 3) т о л к у н импульсу – мейкиндикте же чөйрөдө таралуучу толкундун бир ирет дүүлүгүшү, мисалы, басымы тез көбөйгөн ж-а капысынан болуучу үн импульсу. Оптикалык нурлануу булагынын жа­рыкты аз убакытта (0,01 <i>сек</i>) чыгаруучу жа­рык импульсу (бул электр-магнит импульсунун айрым учу­ру); 4) э л е к т р импульсу – токтун чыңалуусунун же күчүнүн кыска мөөнөткө өзгөрүшү. Электр чын­жырындагы өтмө процесстер м-н салыштырма­луу убакытка карата кыска мөөнөт деп түшүнсө болот. Электр импульсу жогорку вольттуу ток импульсу, видеоимпульс ж-а радиоимпульс болуп бөлүнөт. | ||
белгиленип, P=mv формуласы м-н туюнтулат. | |||
3) т о л к у н | |||
таралуучу толкундун бир ирет дүүлүгүшү, | |||
үн | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
07:46, 20 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
И́МПУЛЬС (лат. impulsus – сокку, кагылыш) ф и з и к а д а – нерсенин механикалык кыймылын сан жагынан мүнөздөөчү вектордук чоңдук. P м-н белгиленип, P=mv формуласы м-н туюнтулат. Импульстун бир нече түрү бар: 1) м е х а н и к а л ы к импульс – кыймылдын чени, башкача айтканда кыймыл саны. Материянын бардык түрлөрү, анын ичинде электр-магниттик ж-а гравитациялык талаалар да импульска ээ; 2) к ү ч импульсу – белгилүү убакыттагы күч-аракет чени (чоңдугу); ал күчтүн орточо маанисин күч аракеттенген убакытка көбөйткөндөгү көбөйтүндүсүнө барабар; 3) т о л к у н импульсу – мейкиндикте же чөйрөдө таралуучу толкундун бир ирет дүүлүгүшү, мисалы, басымы тез көбөйгөн ж-а капысынан болуучу үн импульсу. Оптикалык нурлануу булагынын жарыкты аз убакытта (0,01 сек) чыгаруучу жарык импульсу (бул электр-магнит импульсунун айрым учуру); 4) э л е к т р импульсу – токтун чыңалуусунун же күчүнүн кыска мөөнөткө өзгөрүшү. Электр чынжырындагы өтмө процесстер м-н салыштырмалуу убакытка карата кыска мөөнөт деп түшүнсө болот. Электр импульсу жогорку вольттуу ток импульсу, видеоимпульс ж-а радиоимпульс болуп бөлүнөт.