ИБН ХАУКАЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИБН ХАУКАЛ</b> , А б у-л К а с ы м ан-Насиби и б н Х а у к а л (туулган, ө. ж. б.) – араб
<b type='title'>ИБН ХАУКАЛ</b> , А б у-л К а с ы м ан-Насиби и б н Х а у к а л (туулган, өлгөн жылы белгисиз) – араб тарыхчысы, географ. Саякатчы катары да бел&shy;гилүү. Ибн Хаукал жөнүндө маалымат өтө аз. Кээ бир маа&shy;лыматтар боюнча Ибн Хаукал Жогорку Месопотамиянын Насибин шаарында туулган. Ал Азия, Африка, Ев&shy;ропанын көп жерин кыдырган, бирок Маве&shy;раннахрда болгону так эмес. Ибн Хаукал өз китебин Истахри Абу Исках сыяктуу «Китаб ал-маса&shy;лик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр менен жолдор&shy;дун китеби») деп атаганы м-н, кээ бир бөлүм&shy;дөрүндө «Китаб сурат ал-ард» («Жердин турпа&shy;ты жөнүндө китеп») деген аталышты колдон&shy;гон. Бул китеп биринчи жолу 952–67-жылдарда ара&shy;лыгында, экинчи жолу 977-жылы редакцияланган. Түрк уруулары жашаган жер чегинин жалпы абалына кошуп, Орто Азия элдеринин тарыхый &shy;географиялык, этнографиялык абалы, жаратылышы тууралуу маанилүү кабар берет. «Мавераннахр» деген бөлүмүндө Бухара, Самаркан, Ушрусан, Исфи&shy;жаб, Шаш, Фергана, Хорезм жерлеринин бор&shy;бору, шаар-кыштактар да сүрөттөлөт. Китептин акыркы бөлүмүндө азыркы Кыргызстан аймагында&shy;гы шаарлар, жолдор, жер байлыктары жөнүндө маа&shy;лыматтар бар. Ибн Хаукал өз эмгегинде Орто Азия элде&shy;ри тууралуу кабарларды башка авторлордун эм&shy;гегинен (ибн Хордадбек, ал-Жайхани, Кудама ибн-Жафар) тандап алганына карабай, ал ки&shy;тептеги көп маалыматтар башка авторлордо жо&shy;лукпайт. Мисалы, Ибн Хаукал боюнча хирхиздердин (кыр&shy;гыз) жери түрк уруулары м-н, тактап айтканда огуздарга чектешкени ал-Истахриде жок. Ибн Хаукалдын эмге&shy;ги алгач 1873-жылы француз, кийин 1938-жылы ла&shy;тын тилинде жарык көргөн.
тарыхчысы, географ. Саякатчы катары да бел&shy;гилүү. И. Х. ж-дө маалымат өтө аз. Кээ бир маа&shy;лыматтар б-ча И. Х. Жогорку Месопотамиянын Насибин ш-нда туулган. Ал Азия, Африка, Ев&shy;ропанын көп жерин кыдырган, бирок Маве&shy;раннахрда болгону так эмес. И. Х. өз китебин Истахри Абу Исках сыяктуу «Китаб ал-маса&shy;лик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр менен жолдор&shy;дун китеби») деп атаганы м-н, кээ бир бөлүм&shy;дөрүндө «Китаб сурат ал-ард» («Жердин турпа&shy;ты жөнүндө китеп») деген аталышты колдон&shy;гон. Бул китеп биринчи жолу 952–67-ж. ара&shy;лыгында, экинчи жолу 977-ж. редакцияланган. Түрк уруулары жашаган жер чегинин жалпы абалына кошуп, О. Азия элдеринин тарыхый&shy;геогр., этногр. абалы, жаратылышы тууралуу маанилүү кабар берет. «Мавераннахр» деген бөлүмүндө Бухара, Самаркан, Ушрусан, Исфи&shy;жаб, Шаш, Фергана, Хорезм жерлеринин бор&shy;бору, шаар-кыштактар да сүрөттөлөт. Китептин акыркы бөлүмүндө азыркы Кырг-н аймагында&shy;гы шаарлар, жолдор, жер байлыктары ж-дө маа&shy;лыматтар бар. И. Х. өз эмгегинде О. Азия элде&shy;ри тууралуу кабарларды башка авторлордун эм&shy;гегинен (ибн Хордадбек, ал-Жайхани, Кудама ибн-Жафар) тандап алганына карабай, ал ки&shy;тептеги көп маалыматтар башка авторлордо жо&shy;лукпайт. Мис., И. Х. б-ча хирхиздердин (кыр&shy;гыз) жери түрк уруулары м-н, т. а. огуздарга
 
чектешкени ал-Истахриде жок. И. Х-дын эмге&shy;ги алгач 1873-ж. француз, кийин 1938-ж. ла&shy;тын тилинде жарык көргөн.
 




10 сап: 10 сап:
<p align='right'><i type='author'>Т. Жуманалиев.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Т. Жуманалиев.</i></p>
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]

10:22, 11 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

ИБН ХАУКАЛ , А б у-л К а с ы м ан-Насиби и б н Х а у к а л (туулган, өлгөн жылы белгисиз) – араб тарыхчысы, географ. Саякатчы катары да бел­гилүү. Ибн Хаукал жөнүндө маалымат өтө аз. Кээ бир маа­лыматтар боюнча Ибн Хаукал Жогорку Месопотамиянын Насибин шаарында туулган. Ал Азия, Африка, Ев­ропанын көп жерин кыдырган, бирок Маве­раннахрда болгону так эмес. Ибн Хаукал өз китебин Истахри Абу Исках сыяктуу «Китаб ал-маса­лик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр менен жолдор­дун китеби») деп атаганы м-н, кээ бир бөлүм­дөрүндө «Китаб сурат ал-ард» («Жердин турпа­ты жөнүндө китеп») деген аталышты колдон­гон. Бул китеп биринчи жолу 952–67-жылдарда ара­лыгында, экинчи жолу 977-жылы редакцияланган. Түрк уруулары жашаган жер чегинин жалпы абалына кошуп, Орто Азия элдеринин тарыхый ­географиялык, этнографиялык абалы, жаратылышы тууралуу маанилүү кабар берет. «Мавераннахр» деген бөлүмүндө Бухара, Самаркан, Ушрусан, Исфи­жаб, Шаш, Фергана, Хорезм жерлеринин бор­бору, шаар-кыштактар да сүрөттөлөт. Китептин акыркы бөлүмүндө азыркы Кыргызстан аймагында­гы шаарлар, жолдор, жер байлыктары жөнүндө маа­лыматтар бар. Ибн Хаукал өз эмгегинде Орто Азия элде­ри тууралуу кабарларды башка авторлордун эм­гегинен (ибн Хордадбек, ал-Жайхани, Кудама ибн-Жафар) тандап алганына карабай, ал ки­тептеги көп маалыматтар башка авторлордо жо­лукпайт. Мисалы, Ибн Хаукал боюнча хирхиздердин (кыр­гыз) жери түрк уруулары м-н, тактап айтканда огуздарга чектешкени ал-Истахриде жок. Ибн Хаукалдын эмге­ги алгач 1873-жылы француз, кийин 1938-жылы ла­тын тилинде жарык көргөн.



Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957; Источнико­ведение Кыргызстана. Б., 1996; 2-е доп. изд. 2004.


Т. Жуманалиев.