ЗОЛДОР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЗОЛДОР</b> (нем. Sol – коллоиддик эритме) – суюк дисперстик чөйрөдөгү жогорку дисперстүү кол&shy;лоиддик системалар. З-дун дисперстик фазасы&shy;нын бөлүкчөлөрү аларды курчаган дисперстик
<b type='title'>ЗОЛДОР</b> (нем. Sol – коллоиддик эритме) – суюк дисперстик чөйрөдөгү жогорку дисперстүү кол&shy;лоиддик системалар. Золдордун дисперстик фазасы&shy;нын бөлүкчөлөрү аларды курчаган дисперстик чөйрөнүн молекулаларынын сольваттык катма&shy;ры м-н мицелланы түзөт. Алар броун кыймы&shy;лына бири бирине көз карандысыз катышат ж-а дисперстик чөйрөнүн бардык көлөмүндө те&shy;гиз таралат. Дисперстик чөйрөсү суу болсо – гидрозоль, органикалык чөйрө болсо органозоль деп ата&shy;лат. Органозолдор чөйрөнүн химиялык курамына жа&shy;раша бензозоль, алкозоль, этерозоль ж. б. деп айырмаланат. Коллоиддик-дисперстик фазаны камтыган куймалар пирозоль деп аталат. Пи&shy;розолдорду муздатканда дисперстик чөйрөнүн айнектешүүсүнүн же кристаллдашуусунун на&shy;тыйжасында катуу золдор пайда болот. Дисперстик фазанын ж-а дисперстик чөйрөнүн бөлүк&shy;чөлөрүнүн өз ара аракеттенүү мүнөзү боюнча д<i>ис&shy;перстик системалар</i> лиофилдүү ж-а лиофобдуу болуп бөлүнөт. Лиофобдуу, анын ичинде гидрофобдуу золдор термодинамикалык тең салмаксыз, агрегаттык жактан туруксуз, дисперсияланган бөлүкчөлөрү коа-гу&shy;ляцияга жөндөмдүү дисперстик система болу&shy;шат. Лиофилдүү золдордун дисперстик фазасы, дис&shy;перстик чөйрөнүн чегинде өтө аз салыштырма беттик энергияга ээ. Мындай золдор агрегаттык жак&shy;тан туруктуу ж-а термодинамикалык тең салмактуулукта болушат. Лиофилдүү золдорго самындын ж-а самын сымал беттик активдүү заттардын гидрозолдо&shy;ру, кээ бир органикалык пигменттердин, боёктордун гид&shy;ро&shy; ж-а органозолдору кирет. Ал эми металлдар&shy;дын гидро&shy; ж-а органозолдору лиофобдуу золдор бо&shy;луп эсептелет. Газ (аба) чөйрөдө текши таралган суюк же катуу заттардын майда бөлүкчөлөрүнөн турган системалар <i>аэрозолдор</i> деп аталат.
чөйрөнүн молекулаларынын сольваттык катма&shy;ры м-н мицелланы түзөт. Алар броун кыймы&shy;лына бири бирине көз карандысыз катышат ж-а дисперстик чөйрөнүн бардык көлөмүндө те&shy;гиз таралат. Дисперстик чөйрөсү суу болсо – гидрозоль, орг. чөйрө болсо органозоль деп ата&shy;лат. Органозолдор чөйрөнүн хим. курамына жа&shy;раша бензозоль, алкозоль, этерозоль ж. б. деп айырмаланат. Коллоиддик-дисперстик фазаны камтыган куймалар пирозоль деп аталат. Пи&shy;розолдорду муздатканда дисперстик чөйрөнүн айнектешүүсүнүн же кристаллдашуусунун на&shy;тыйжасында катуу З. пайда болот. Дисперстик фазанын ж-а дисперстик чөйрө нүн бөлүк&shy;чөлөрүнүн өз ара аракеттенүү мүнөзү б-ча д<i>ис&shy;перстик системалар</i> лиофилдүү ж-а лиофобдуу болуп бөлүнөт. Лиофобдуу, а. и. гидрофобдуу З. термод. тең салмаксыз, агрегаттык жактан туруксуз, дисперсияланган бөлүкчөлөрү коа-гу&shy;ляцияга жөндөмдүү дисперстик система болу&shy;шат. Лиофилдүү З-дун дисперстик фазасы, дис&shy;перстик чөйрөнүн чегинде өтө аз салыштырма беттик энергияга ээ. Мындай З. агрегаттык жак&shy;тан туруктуу ж-а термод. тең салмактуулукта болушат. Лиофилдүү З-го самындын ж-а самын сымал беттик активдүү заттардын гидрозолдо&shy;ру, кээ бир орг. пигменттердин, боёктордун гид&shy;ро&shy;ж-а органозолдору кирет. Ал эми металлдар&shy;дын гидро&shy;ж-а органозолдору лиофобдуу З. бо&shy;луп эсептелет. Газ (аба) чөйрөдө текши таралган суюк же катуу заттардын майда бөлүкчөлөрүнөн турган системалар <i>аэрозолдор</i> деп аталат.
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]

05:24, 8 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ЗОЛДОР (нем. Sol – коллоиддик эритме) – суюк дисперстик чөйрөдөгү жогорку дисперстүү кол­лоиддик системалар. Золдордун дисперстик фазасы­нын бөлүкчөлөрү аларды курчаган дисперстик чөйрөнүн молекулаларынын сольваттык катма­ры м-н мицелланы түзөт. Алар броун кыймы­лына бири бирине көз карандысыз катышат ж-а дисперстик чөйрөнүн бардык көлөмүндө те­гиз таралат. Дисперстик чөйрөсү суу болсо – гидрозоль, органикалык чөйрө болсо органозоль деп ата­лат. Органозолдор чөйрөнүн химиялык курамына жа­раша бензозоль, алкозоль, этерозоль ж. б. деп айырмаланат. Коллоиддик-дисперстик фазаны камтыган куймалар пирозоль деп аталат. Пи­розолдорду муздатканда дисперстик чөйрөнүн айнектешүүсүнүн же кристаллдашуусунун на­тыйжасында катуу золдор пайда болот. Дисперстик фазанын ж-а дисперстик чөйрөнүн бөлүк­чөлөрүнүн өз ара аракеттенүү мүнөзү боюнча дис­перстик системалар лиофилдүү ж-а лиофобдуу болуп бөлүнөт. Лиофобдуу, анын ичинде гидрофобдуу золдор термодинамикалык тең салмаксыз, агрегаттык жактан туруксуз, дисперсияланган бөлүкчөлөрү коа-гу­ляцияга жөндөмдүү дисперстик система болу­шат. Лиофилдүү золдордун дисперстик фазасы, дис­перстик чөйрөнүн чегинде өтө аз салыштырма беттик энергияга ээ. Мындай золдор агрегаттык жак­тан туруктуу ж-а термодинамикалык тең салмактуулукта болушат. Лиофилдүү золдорго самындын ж-а самын сымал беттик активдүү заттардын гидрозолдо­ру, кээ бир органикалык пигменттердин, боёктордун гид­ро­ ж-а органозолдору кирет. Ал эми металлдар­дын гидро­ ж-а органозолдору лиофобдуу золдор бо­луп эсептелет. Газ (аба) чөйрөдө текши таралган суюк же катуу заттардын майда бөлүкчөлөрүнөн турган системалар аэрозолдор деп аталат.