ЗОЛДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗОЛДОР (нем. Sol – коллоиддик эритме) – суюк дисперстик чөйрөдөгү жогорку дисперстүү кол­лоиддик системалар. Золдордун дисперстик фазасы­нын бөлүкчөлөрү аларды курчаган дисперстик чөйрөнүн молекулаларынын сольваттык катма­ры м-н мицелланы түзөт. Алар броун кыймы­лына бири бирине көз карандысыз катышат ж-а дисперстик чөйрөнүн бардык көлөмүндө те­гиз таралат. Дисперстик чөйрөсү суу болсо – гидрозоль, органикалык чөйрө болсо органозоль деп ата­лат. Органозолдор чөйрөнүн химиялык курамына жа­раша бензозоль, алкозоль, этерозоль ж. б. деп айырмаланат. Коллоиддик-дисперстик фазаны камтыган куймалар пирозоль деп аталат. Пи­розолдорду муздатканда дисперстик чөйрөнүн айнектешүүсүнүн же кристаллдашуусунун на­тыйжасында катуу золдор пайда болот. Дисперстик фазанын ж-а дисперстик чөйрөнүн бөлүк­чөлөрүнүн өз ара аракеттенүү мүнөзү боюнча дис­перстик системалар лиофилдүү ж-а лиофобдуу болуп бөлүнөт. Лиофобдуу, анын ичинде гидрофобдуу золдор термодинамикалык тең салмаксыз, агрегаттык жактан туруксуз, дисперсияланган бөлүкчөлөрү коа-гу­ляцияга жөндөмдүү дисперстик система болу­шат. Лиофилдүү золдордун дисперстик фазасы, дис­перстик чөйрөнүн чегинде өтө аз салыштырма беттик энергияга ээ. Мындай золдор агрегаттык жак­тан туруктуу ж-а термодинамикалык тең салмактуулукта болушат. Лиофилдүү золдорго самындын ж-а самын сымал беттик активдүү заттардын гидрозолдо­ру, кээ бир органикалык пигменттердин, боёктордун гид­ро­ ж-а органозолдору кирет. Ал эми металлдар­дын гидро­ ж-а органозолдору лиофобдуу золдор бо­луп эсептелет. Газ (аба) чөйрөдө текши таралган суюк же катуу заттардын майда бөлүкчөлөрүнөн турган системалар аэрозолдор деп аталат.