АХМЕТОВА Хадича: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Mariya
No edit summary
imported>Mariya
(Айырма жок)

04:05, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

АХМЕТОВА Хадича (30. 5. 1902, Ысык-Көл обл., Каракол ш. ‒ 11. 2. 1989, ошол эле жерде) ‒ педагог. Каракол шаарындагы жетим балдар үйүндө аялдардан чыккан биринчи тарбиячы (1918‒19). Караколдогу орус-тузем мектебин бүтүргөн (1915‒18). 1920‒53-жылдарда Кыргызстандын мектептеринде мугалим болуп иштеген. Караколдогу педагогикалык окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн (1940‒46). Ал эл агартуу ишине сиӊирген эмгеги үчүн Ленин ордени (1951) жана медалдар менен сыйланган.