АССИМИЛЯЦИЯ (геологияда): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

19:03, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 [assimilatio ‒ окшоштук, кейиптенүү] г е о л о г и я д а ‒ магма м-н анын айлана-чөйрөсүндөгү тоотектердин өзара аракеттенишүү (эрүү, эритүү, сиӊирүү ж. б.) процесси. Магма жогору көтөрүлгөндө, жанаша жаткан тоотектерди ж-а магмага түшкөн алардын бөлүкчөлөрүн бүт же жарым-жартылай эритип, өзүнүн курамын, д. у. с. касиеттерин өзгөртөт. Ошондой эле жанаша жаткан тоотектер өзгөрүүлөргө учурап, алардан жаӊы тек келип чыгат. Кээде тоотектин кесек бөлүкчөлөрү магма м-н аралашып, ксенолитти (чоочун ташты) пайда кылат.