АРХЕЙ ЗАМАНЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
497-555>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

– жер кыртышынын өнүгүү тарыхындагы эң байыркы доор (кембрийге чейинки мезгилдерде пайда болуп, өтө метаморфизмделген тоотектердин тобу). Гнейс, кварцит, кристаллдуу ж-а графиттүү сланецтерден турат. Терминди америкалык геолог Дж. Дана 1872-ж. киргизген. Mypда байыркы кристаллдуу тектери гана А. заманына кирсе, азыр метаморфизмделишине жараша 2500 млн жылдан мурун пайда болгон тоотектер бүт камтылат. Кырг-нда Ак-Түздө, Сары-Жаз кырка тоолорунда жолугат. А. заманындагы тоо тектерде кобальт, никель, хром кендери кездешет.