АЙБАШЕВ Абугазир: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Mariya No edit summary |
imported>Mariya м (Mariya moved page АЙБАШЕВ to АЙБАШЕВ Абугазир) |
(Айырма жок)
| |
05:56, 21 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АЙБАШЕВ Абугазир (1907 ‑ 1965) – кыргыздын туңгуч актёрлорунун бири, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939). Фрунзедеги театр‑студиясын бүткөндөн (1962) Кыргыз мамлекеттик драма театрында актёр. Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1‑декадасына катышкан (1939). Аткарган ролдору: Максүт (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Мадыл (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз»), Дөдөн (К. Жантөшев, «Курманбек»), Адылкерим (Т. Абдумомунов, «Тар капчыгай»), Кесслер (К. Симонов, «Орус маселеси»), почтoчу (Ч. Айтматов, «Бетме‑бет») ж. б. Кыргыз ССРинин Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж‑а медалдар м‑н сыйланган.