КУДАЯР ХАН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КУДАЯР ХАН</b> (1829, Талас өрөөнү – 1879, Аф­ганстан) – Кокон | <b type='title'>КУДАЯР ХАН</b> (1829, [[Талас өрөөнү]] – 1879, [[Афганстан|Аф­ганстан]]) – [[Кокон хандыгы]]нын ханы, [[Шераалы]] хандын (1842–1845 ) тун уулу. Энеси кыргыздын [[саруу]] уруу­сунан чыккан Токтоназардын кызы [[Жаркынайым|Жаркына­йым]] болгон. Кокондун тагына үч жолу отурган (1844–1858; 1862–1863; 1865–1875).[[File:КУДАЯР ХАН69.png | thumb | none]] | ||
хандын тун уулу. Энеси кыргыздын саруу уруу­сунан чыккан Токтоназардын кызы | Шераалы хан өлтүрүлгөн соң (1844/45), [[Мусулманкул|Мусулман­кул]]дун кызын алып, анын жардамы менен хандыкка жеткен. Бирок 1852-жылы Мусулман­кулду өлтүртүп, ага жан тарткан кыпчактарды аёо­суз кырдырган (кара: [[Кыпчак кыргыны]]). Өз алдынча бий­ликке ээ болгондон кийин [[Бухара]] эмирлиги менен согушуп, 2 жолу (1862, 1863) Коконду таштай качкан. Айрым изилдөөчүлөрдүн пикиринде алгачкы жолу Кудаяр ханды бийликтен кулатууга басынып жүргөн кыпчактардын феодалдык төбөлдөрү жана хандыктын ичинде саясий жактан күч алган кыргыз бийлеринин биригип кетиши себеп болгон. Мындан тышкары шаардык «сартиййа» өкүлдөрүнө таянып, кыр­гыз бийлерин катуу кысымга алган. Натыйжа­да, 1857- жана 1873-жылы [[Фергана өрөөнү]]ндө ага кар­шы [[кыргыздар]] башында турган элдик кыймыл­дар болуп өткөн (кара: <i>[[Кокон көтөрүлүштөрү]]</i>). Орустардын жардамына ишенген Кудаяр хан акыркы жолу 1875-жылы 22-июлда тактысын калтырып, [[Ташкент]]ке келип, генерал К. П. Кауфмандан жардам сураган. Орус бийлиги анын 140000 рубл­ден турган күмүшүн Мамлекеттик банктын Ташкент шаарындагы бөлүмүнө тапшыртып, аны үй-бүлөсү, жакындары менен 12-августта Оренбург шаарына жер оодарткан. Казак бийлеринин жардамы менен 1877-жылы Оренбургдан Афганстанга качып, андан [[Меке]]ге барып, зыярат кылган. 1879-жылдын аягында Афганстандагы Мазари-Шариф шаарына жакын жерде өлүп, сөөгү ошол жердеги Каррух көрүстөнүнө коюлган. | ||
Ад.: Набиев Р. Н. Из истории Кокандского ханства.Таш.,1973; <i>Кененсариев Т.</i> Кыргызстандын Орусиягакаратылышы. Б., 1997<i>; ошонуку эле.</i> Кокон хандыгы жана кыргыздар. Ош, 1997; <i>Зиявуддин Максым (Магзуми).</i> Фергана хандарынын тарыхы. Б., 2007. | |||
[[Категория:4-том, 547-596 бб]] | [[Категория:4-том, 547-596 бб]] | ||
10:58, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
КУДАЯР ХАН (1829, Талас өрөөнү – 1879, Афганстан) – Кокон хандыгынын ханы, Шераалы хандын (1842–1845 ) тун уулу. Энеси кыргыздын саруу уруусунан чыккан Токтоназардын кызы Жаркынайым болгон. Кокондун тагына үч жолу отурган (1844–1858; 1862–1863; 1865–1875).

Шераалы хан өлтүрүлгөн соң (1844/45), Мусулманкулдун кызын алып, анын жардамы менен хандыкка жеткен. Бирок 1852-жылы Мусулманкулду өлтүртүп, ага жан тарткан кыпчактарды аёосуз кырдырган (кара: Кыпчак кыргыны). Өз алдынча бийликке ээ болгондон кийин Бухара эмирлиги менен согушуп, 2 жолу (1862, 1863) Коконду таштай качкан. Айрым изилдөөчүлөрдүн пикиринде алгачкы жолу Кудаяр ханды бийликтен кулатууга басынып жүргөн кыпчактардын феодалдык төбөлдөрү жана хандыктын ичинде саясий жактан күч алган кыргыз бийлеринин биригип кетиши себеп болгон. Мындан тышкары шаардык «сартиййа» өкүлдөрүнө таянып, кыргыз бийлерин катуу кысымга алган. Натыйжада, 1857- жана 1873-жылы Фергана өрөөнүндө ага каршы кыргыздар башында турган элдик кыймылдар болуп өткөн (кара: Кокон көтөрүлүштөрү). Орустардын жардамына ишенген Кудаяр хан акыркы жолу 1875-жылы 22-июлда тактысын калтырып, Ташкентке келип, генерал К. П. Кауфмандан жардам сураган. Орус бийлиги анын 140000 рублден турган күмүшүн Мамлекеттик банктын Ташкент шаарындагы бөлүмүнө тапшыртып, аны үй-бүлөсү, жакындары менен 12-августта Оренбург шаарына жер оодарткан. Казак бийлеринин жардамы менен 1877-жылы Оренбургдан Афганстанга качып, андан Мекеге барып, зыярат кылган. 1879-жылдын аягында Афганстандагы Мазари-Шариф шаарына жакын жерде өлүп, сөөгү ошол жердеги Каррух көрүстөнүнө коюлган.
Ад.: Набиев Р. Н. Из истории Кокандского ханства.Таш.,1973; Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусиягакаратылышы. Б., 1997; ошонуку эле. Кокон хандыгы жана кыргыздар. Ош, 1997; Зиявуддин Максым (Магзуми). Фергана хандарынын тарыхы. Б., 2007.