КУДАЯР ХАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУДАЯР ХАН (1829, Талас өрөөнү – 1879, Аф­ганстан) – Кокон хандыгынын ханы, Шераалы хандын (1842–1845 ) тун уулу. Энеси кыргыздын саруу уруу­сунан чыккан Токтоназардын кызы Жаркына­йым болгон. Кокондун тагына үч жолу отурган (1844–1858; 1862–1863; 1865–1875).

Шераалы хан өлтүрүлгөн соң (1844/45), Мусулман­кулдун кызын алып, анын жардамы менен хандыкка жеткен. Бирок 1852-жылы Мусулман­кулду өлтүртүп, ага жан тарткан кыпчактарды аёо­суз кырдырган (кара: Кыпчак кыргыны). Өз алдынча бий­ликке ээ болгондон кийин Бухара эмирлиги менен согушуп, 2 жолу (1862, 1863) Коконду таштай качкан. Айрым изилдөөчүлөрдүн пикиринде алгачкы жолу Кудаяр ханды бийликтен кулатууга басынып жүргөн кыпчактардын феодалдык төбөлдөрү жана хандыктын ичинде саясий жактан күч алган кыргыз бийлеринин биригип кетиши себеп болгон. Мындан тышкары шаардык «сартиййа» өкүлдөрүнө таянып, кыр­гыз бийлерин катуу кысымга алган. Натыйжа­да, 1857- жана 1873-жылы Фергана өрөөнүндө ага кар­шы кыргыздар башында турган элдик кыймыл­дар болуп өткөн (кара: Кокон көтөрүлүштөрү). Орустардын жардамына ишенген Кудаяр хан акыркы жолу 1875-жылы 22-июлда тактысын калтырып, Ташкентке келип, генерал К. П. Кауфмандан жардам сураган. Орус бийлиги анын 140000 рубл­ден турган күмүшүн Мамлекеттик банктын Ташкент шаарындагы бөлүмүнө тапшыртып, аны үй-бүлөсү, жакындары менен 12-августта Оренбург шаарына жер оодарткан. Казак бийлеринин жардамы менен 1877-жылы Оренбургдан Афганстанга качып, андан Мекеге барып, зыярат кылган. 1879-жылдын аягында Афганстандагы Мазари-Шариф шаарына жакын жерде өлүп, сөөгү ошол жердеги Каррух көрүстөнүнө коюлган.

Ад.: Набиев Р. Н. Из истории Кокандского ханства.Таш.,1973; Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусиягакаратылышы. Б., 1997; ошонуку эле. Кокон хандыгы жана кыргыздар. Ош, 1997; Зиявуддин Максым (Магзуми). Фергана хандарынын тарыхы. Б., 2007.