КУДАЯР ХАН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КУДАЯР ХАН (1829, Талас өрөөнү – 1879, Афганстан) – Кокон хандыгынын ханы, Шераалы хандын тун уулу. Энеси кыргыздын саруу уруусунан чыккан Токтоназардын кызы Жаркынайым болгон. Кокондун тагына үч жолу отурган
(1844–58; 1862–63; 1865–75).

Шераалы хан өлтүрүлгөн соң (1844/45), Мусулманкулдун кызын алып, анын жардамы м -н хандык к а жеткен (к. Кокон хандыгы). Бирок 1852-ж. Мусулманкулду өлтүртүп, ага жан тарткан кыпчактарды аёосуз кырдырган (к. Кыпчак кыргыны). Өз алдынча бийликке ээ болгондон кийин Бухар эмирлиги менен согушуп, 2 жолу (1862, 1863) Коконду таштай качкан. Мындан тышкары шаардык «сартиййа» өкүлдөрүнө таянып, кыргыз бийлерин катуу кысымга алган. Натыйжада, 1857- жана 1873-ж. Фергана өрөөнүндө ага каршы кыргыздар башында турган элдик кыймылдар болуп өткөн (к. Кокон көтөрүлүштөрү). Орустардын жардамына ишенген К. х. акыркы жолу 1875-ж. 22-июлда тактысын калтырып, Ташкентке келип, генерал К. П. Кауфмандан жардам сураган. Орус бийлиги анын 140000 рублден турган күмүшүн Мамл. банктын Ташкент ш-ндагы бөлүмүнө тапшыртып, аны үй-бүлөсү, жакындары менен 12-августта Оренбург ш-на жер оодарткан. Казак бийлеринин жардамы менен 1877-ж. Оренбургдан Афганстанга качып, андан Мекеге барып, зыярат кылган. 1879-жылдын аягында Афганстандагы Мазари-Шариф ш-на жакын жерде өлүп, сөөгү ошол жердеги Каррух көрүстөнүнө коюлган.
Ад.: Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга
каратылышы. Б., 1997; ошонуку эле. Кокон хандыгы жана кыргыздар. Ош, 1997; Зиявуддин Максым (Магзуми). Фергана хандарынын тарыхы. Б., 2007.