КУБАТБЕКОВ Курманбек: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (Турганбаев Элебай moved page КУБАТБЕКОВ 1 to КУБАТБЕКОВ Курманбек)
(Айырма жок)

07:18, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 -деги абалы

КУБАТБЕКОВ Курманбек [12. 10. 1949-ж. т., Фрунзе (азыркы Чүй) обл., Сокулук р-ну, Шал­та айылы] – милициянын генерал-майору (1998). ФПИ (1971), СССР ИИМ Академиясын (1984) бүткөн. 1971–98-ж. Кыргыз ИИМдин Тү-

зөтүү-эмгек башкармалыгынын 12-түзөтүү-эмгек колониясында инженер, 1-Май, Октябрь р-ндук ички иштер бөлүмдөрүндө, Бишкек шаардык ички иш­т ер башк арм ал ыгында, ИИМдин материалдык баа­луулуктарды сыртка чыга­рууга көзөмөл кылуу кыз­матында, Коомдук тартип­ти сактоо, Экон. кылмыш­ка жана коррупцияга каршы күрөш, Оперативдүү кызмат башкармалыктарында инс­пектор, улук инспектор, начальниктин орун ба­сары, начальниги, 1998–2001-ж. Ички иштер министринин орун басары, 2001–04-ж. КР өкмө­түнүн баңгизаттарды көзөмөлдөө б-ча мамл. ко­миссиянын төрагасы, 2004–05-ж. КРдин банги­заттарды көзөмөлдөө б-ча агенттигинин дирек­тору, 2006–09-ж. КР Президентинин кеңешчи­си, Администрациясынын коргонуу жана кооп­суздук иштери б-ча бөлүм башчысы болуп иш­теген. Медалдар менен сыйланган.