КРИСТАЛЛОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КРИСТАЛЛОГРА́ФИЯ</b> (<i>кристалл</i> жана <i>–графия</i>) | <b type='title'>КРИСТАЛЛОГРА́ФИЯ</b> (<i>кристалл</i> жана <i>–графия</i>)–кристаллдардын атом-молекулалык түзүлүшүн, симмет­риясын, физикалык касиеттерин, пайда болушун,өсүшүн окутуучу илим. Кристаллография туура көп грандуу­лук формасына ээ табигый кристаллдарды бай­коодо жана изилдөөдө пайда болгон. Минерало­гия менен тыгыз байланышта. Өзүнчө илим ката­ры 18-к-дын ортосунан баштап өнүгүүдө. Крис­таллдардын сырткы формасынын (А. В. Гадо­лин, 1867) жана алардын ички түзүлүшүнүн (Е. С. Фёдоров, 1890, А. Шенфлис, 1891) теория­сынан кристаллдардын симметрия теориясы ке­лип чыккан. Кристаллдарды сүрөттөп жазуу ыкмаларынын жыйындысы жана аларды гран­доонун закон ченемдүүлүктөрү геометриялык кристаллографиянын маз­мунун түзөт. Кристаллдардын атомдук түзүлү­шүн (NaCl, алмаз, SnS ж. б.) рентгенография­лык жол менен алууну англиялык физиктер У. Г. Брэгг жана У. Л. Брэгг (1913) ишке ашырышып, түзү­лүштүк кристаллографияны негиздешкен. Кристография кристаллдардын түзүлүшүн рентген-түзүлүштүк талдоо, электро­нография, нейтронография ыкмалары менен изил­дейт. Кристаллографиялык изилдөөлөрдүн натыйжалары физи­када, минералогияда, химияда, молокиялык биология­да ж. б. кеңири колдонулат. Кристаллография илиминин өнү­гүшүндө Л. Полинг, Н. В. Белов, В. Гольдшмидт, А. В. Шубников, Г. В. Вульф ж. б-дын эмгекте­ри зор. Кыргызстанда кристаллографиянын өнүгүшүнө профессор А. <i>Алы­баков</i> чоң салым кошкон. | ||
өсүшүн окутуучу илим. | |||
Ад.: <i>Малюкова Н. Н.</i> Основы кристаллографии и минералогии. Б., 2007; <i>Егоров-Тисменко Ю. К.</i> Криcталлография. М., 1992. | |||
Ад.: <i>Малюкова Н. Н.</i> Основы кристаллографии и минералогии. Б., 2007; <i>Егоров-Тисменко Ю. К.</i> | |||
[[Категория:4-том, 547-596 бб]] | [[Категория:4-том, 547-596 бб]] | ||
08:00, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
КРИСТАЛЛОГРА́ФИЯ (кристалл жана –графия)–кристаллдардын атом-молекулалык түзүлүшүн, симметриясын, физикалык касиеттерин, пайда болушун,өсүшүн окутуучу илим. Кристаллография туура көп грандуулук формасына ээ табигый кристаллдарды байкоодо жана изилдөөдө пайда болгон. Минералогия менен тыгыз байланышта. Өзүнчө илим катары 18-к-дын ортосунан баштап өнүгүүдө. Кристаллдардын сырткы формасынын (А. В. Гадолин, 1867) жана алардын ички түзүлүшүнүн (Е. С. Фёдоров, 1890, А. Шенфлис, 1891) теориясынан кристаллдардын симметрия теориясы келип чыккан. Кристаллдарды сүрөттөп жазуу ыкмаларынын жыйындысы жана аларды грандоонун закон ченемдүүлүктөрү геометриялык кристаллографиянын мазмунун түзөт. Кристаллдардын атомдук түзүлүшүн (NaCl, алмаз, SnS ж. б.) рентгенографиялык жол менен алууну англиялык физиктер У. Г. Брэгг жана У. Л. Брэгг (1913) ишке ашырышып, түзүлүштүк кристаллографияны негиздешкен. Кристография кристаллдардын түзүлүшүн рентген-түзүлүштүк талдоо, электронография, нейтронография ыкмалары менен изилдейт. Кристаллографиялык изилдөөлөрдүн натыйжалары физикада, минералогияда, химияда, молокиялык биологияда ж. б. кеңири колдонулат. Кристаллография илиминин өнүгүшүндө Л. Полинг, Н. В. Белов, В. Гольдшмидт, А. В. Шубников, Г. В. Вульф ж. б-дын эмгектери зор. Кыргызстанда кристаллографиянын өнүгүшүнө профессор А. Алыбаков чоң салым кошкон.
Ад.: Малюкова Н. Н. Основы кристаллографии и минералогии. Б., 2007; Егоров-Тисменко Ю. К. Криcталлография. М., 1992.