КРИСТАЛЛДАШУУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КРИСТАЛЛДАШУУ – буу, эритме же аморфтук заттан кристаллдын пайда болуу процесси. К. минералдын, муздун пайда болушун аныктайт, атм. кубулуштарда, тирүү организмде (мис., тиш эмалынын пайда болушу) чоң мааниге ээ. Зат кандайдыр белгилүү бир чектик шартка жеткен учурда гана К. башталат, мис., заттын эрүү темп-расын азайтканда же бууну өтө каныктырганда көз ирмем убакытта эле көптөгөн майда кристаллчалар, б. а. К-нун борбору пайда болот. Кристаллчалар суюктуктан же буудан улам жаңы атомдорду же молекулаларды өзүнө бириктирип чоңоёт. Кристаллдын грандары катмарланып өсөт, атомдук катмардын толук өсүп бүтпөгөн учу өсүү учурунда гранды бойлоп жылат. Өсүш ылдамдыгынын К-нун шарттарына көз карандылыгы өскөн кристаллдын түзүлүшүнүн жана формасынын ар түрдүү (көп грандуу, пластикалуу, ийнелүү, дендрит, скелет ж. б.) болушуна алып келет. К-да ар кандай кемтиктер сөзсүз пайда болот.