КРИОТЕРАПИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КРИОТЕРАПИ́Я (крио... жана терапия) – муздатуу менен дарылоо. Мында төмөнкү темп-ра менен ткань, орган же бүт организм муздатылат. Дарылоо максатында илгертен ооруган жерге муз же сууланган чүпүрөк басышкан. Медицинада тоңдурбай мелүүн муздатуу сезгенген кезде жана ооруну басаңдатуу, кан токтотуу, шишикти таратуу максатында колдонулат. К-нын таасиринен кан тамырлар тарып, кандын келиши жана муздаган жерде зат алмашуу төмөндөйт. Муздакты өт баштыкчасы, карын, уйку бези сезгенгенде, урунганда, о. эле өпкөдөн, мурундан, ичеги-карындан кан кеткенде ал жерге басат же муздак суюктук жуткурат. Кыска мөөнөттүү операцияда хлорэтилди чачыратып, ткандарды тоңдуруп, алардын сезгичтигин жоготот.