КРЕМНИЙ КАРБИДИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КРЕ́МНИЙ КАРБИДИ , к а р б о р у н д, SiС –
кремний менен көмүртектин бирикмеси, техникада колдонулган эң керектүү карбиддердин бири.
Таза түрүндө К. к. – түссүз, алмаздай жалтыраган кристаллдар. Катуулугу б-ча алмаз менен бор карбидинен кийинки 3-орунда турат. К. к. жашыл же кара көк түстө, 2830°Сде эрийт. Тазаланбаган К. к. жарым өткөргүч касиетке ээ. К. к-не HNО3 менен HF к-таларынын аралашмасы
жана Н3РО4 230°Сде хлор газы 400–600°Сде таасир этет. Кычкылтектин агымында 800°Сде оксидге өтө баштайт. Эритилген щелочтор менен аба
чөйрөсүндө реакцияга кирет. SiС + 2КОН + 2О2=
=К2SiO3+ Н2О + СО2. К. к-не Nа2О2 менен таасир
эткенде натрийдин силикаты жана карбонаты
пайда болот. Ве тобундагы металлдардын оксиддери 1000°Сде, оор металл оксиддери 1300–
1370°Сде К. к-н ажыратат. К. к. электр меште 2000–2200°Сде кварц кумун, кокска аралаштырып, жогорку темп-рада ысытуудан алынат: SiO2+2С=Si+2СО; Si+С=SiС. Ө. ж-да өтө чыдамдуу буюмдар жана жарым өткөргүч катарында,
о. эле электр мештердин ысытуучу жана курулуш материалдары катары колдонулат.