КЫТАЙ ТИЛИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫТАЙ ТИЛИ – кытайлардын тили; КЭРдин расмий тили. Тибет тилдеринин тобуна кирет. К. т-нде Тайвань, Сингапур, Индонезия, Лаос, Вьетнам, Бирма, Таиланд, Малайзия кытайлары сүйлөшөт. К. т. 7 негизги диалектилик топко бөлүнөт: түндүк, у, сян, гань, хакка, юэ, минь. Диалектилеринде тыбыштык айырма чоң болгондуктан, алардын өкүлдөрү бири-бирин түшүнүүсү кыйын же түшүнүшпөйт. Бирок диалектилердин граммат. түзүлүшү, негизги курамы бир. Байыркы кытай жазма даректери б. з. ч. 2-миң жылдыктын 2-жарымында пайда болгон деп болжолдонот. Байыркы адабий эстелиги – «Шуцзин» («Тарых китеби») ж-а «Шицзин» («Ыр китеби»). Байыркы кытай адабий тили (вэньянь) ошол кездеги диалектилердин негизинде түзүлгөн. Ал ар кандай өзгөртүүлөр м-н 20-к-га чейин колдонулган. Б. з. 1-миң жылдыгынын башында жазма тилдин жаңы үлгүсү – б а й х у а (жөнөкөй, түшүнүктүү тил) пайда болгон. Байхуа жалпы элдик К. т-не негиз болуп, п у т у н х у а (жалпыга түшүнүктүү тил) аталган. 20-к-дын 1-жарымында путунхуа веньянды сүрүп чыгарып, кытайдын улуттук адабий тилине айланган. Анын фонет. нормасы катары Пекин говору алынган. Байхуанын колдонулушу м-н К. т-де эки муундуу сөздөр көбөйгөн ж-а сөз, форма жасоочу аффикстер, жөнөкөй муундуу сөздөр пайда болгон. Путунхуада 414 муун, 4 түрдүү тон бар; ар бир муун 2ден 4кө чейинки вариантка ээ. К. т-де башка тилдерден түз кабыл алуу болбосо да, семантика, калька жолу м-н кабыл алуу ыгы колдонулат. Аффикстери анча көп эмес, алар агглютинация жолу м-н жалганат. К. т. БУУнун расмий ж-а жумушчу тилдеринин бири болуп эсептелет. Жазуусуна иероглифтер пайдаланылат.