КЫТАЙ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫТАЙ ТИЛИ – кытайлардын тили; КЭРдин расмий тили. Тибет тилдеринин тобуна кирет. Кытай тилинде Тайвань, Сингапур, Индонезия, Лаос, Вьетнам, Бирма, Таиланд, Малайзия кытайла­ры сүйлөшөт. Кытай тили 7 негизги диалектилик топ­ко бөлүнөт: түндүк, у, сян, гань, хакка, юэ, минь. Диалектилеринде тыбыштык айырма чоң болгондуктан, алардын өкүлдөрү бири-бирин түшүнүүсү кыйын же түшүнүшпөйт. Бирок диа­лектилердин грамматикалык түзүлүшү, негизги кура­мы бир. Байыркы кытай жазма даректери б. з. ч. 2-миң жылдыктын 2-жарымында пайда болгон деп болжолдонот. Байыркы адабий эс­телиги – «Шуцзин» («Тарых китеби») жана «Шиц­зин» («Ыр китеби»). Байыркы кытай адабий тили (вэньянь) ошол кездеги диалектилердин негизинде түзүлгөн. Ал ар кандай өзгөртүүлөр менен 20-кылымга чейин колдонулган. Б. з. 1-миң жыл­дыгынын башында жазма тилдин жаңы үлгүсү – б а й х у а (жөнөкөй, түшүнүктүү тил) пайда болгон. Байхуа жалпы элдик Кытай тилине негиз бо­луп, п у т у н х у а (жалпыга түшүнүктүү тил) аталган. 20-кылымдын 1-жарымында путунхуа ве­ньянды сүрүп чыгарып, кытайдын улуттук ада­бий тилине айланган. Анын фонетикалык нормасы ка­тары Пекин говору алынган. Байхуанын кол­донулушу менен Кытай тилинде эки муундуу сөздөр көбөйгөн жана сөз, форма жасоочу аффикстер, жөнөкөй муундуу сөздөр пайда болгон. Путун­хуада 414 муун, 4 түрдүү тон бар; ар бир муун 2ден 4кө чейинки вариантка ээ. Кытай тилинде башка тилдерден түз кабыл алуу болбосо да, семанти­ка, калька жолу менен кабыл алуу ыгы колдону­лат. Аффикстери анча көп эмес, алар агглюти­нация жолу менен жалганат. Кытай тили БУУнун рас­мий жана жумушчу тилдеринин бири болуп эсеп­телет. Жазуусуна иероглифтер пайдаланылат.