КЫРК МУУН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРК МУУН (Equisetum) – өсүмдүктөрдүн кырк
муундар тукумунун уруусу. Муунакталма тамырынан кремнезёмдуу, катуу сабак өсөт, ал муунактап бутактайт, ар муунагында начар өөрчүгөн жалбырагы жайгашат. Сабагы өтө катуу.
К. м-дун 30дай түрү Австралия ж-а Жаңы Зеландиядан башка бардык жерде таралган. КМШ
өлкөлөрүндө 17 түрү, Кырг-нда 3 түрү шагылдуу, саздуу, токой көлөкөлөрүндө кезигет. Камыш сымал ж-а ала К. м. бугу ж. б. айбанаттарга жакшы тоют. Токой К. м-у кереңкур, чил, каракур сыяктуу куштарга азык болот. Кышкы К. м. жыгач буюмду жылмалоодо колдонулат. Талаа К. м-у – отоо чөп, таштак ж-а чополуу, кумдак жерде өсөт. Саз К. м-у – мал үчүн
уулуу.