КЫРГЫЗ УЛУТТУК КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУCCТВО МУЗЕЙИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ УЛУТТУК КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУCCТВО МУЗЕЙИ Г. А й т и е в а т н. – сүрөт иск-восунун мыкты үлгүлөрү топтолуучу маданий мекеме. Көркөм сүрөт иск-восунун чыгармаларын ил. изилдөө, пропагандалоо иштерин да жүргүзөт. 1935-ж. Фрунзеде Кыргыз мамл. картина галереясы катары ачылып– ага Москвадагы Третьяков галереясынан– РСФСР музей фондунан орус классиктеринин 72 түп нускада чыгармалары алынып келинген. Музейди уюш-

турууда C. Чуйковдун эмгеги зор. Музей көрүүчүлөрдү биринчи жолу Эмен багындагы (азыркы Ч. Айтматов атн. парк) реконструкцияланган имаратта кабыл алган. Азыркы имараты 1974-ж. курулган (арх. Д. Ырыскулов– В. Назаров ж-а Ш. Жекшенбаев– инженер А. Юсупов, Кыргыз CCРинин Токтогул атн. мамл. сыйл., 1976). Музейдин живопись– графика– скульптура сактоочу– жасалга-колдонмо өнөр бөлүмдөрү– реставрация өнөрканасы– китепкана– фотолаборатория– кинолекторий– методика кабинеттери, экспозиция залдары, скульптура аянты бар. Музей коллекциясынын негизин C. Чуйков– Г. Айтиев– C. Акылбеков– В. Образцов– А. Игнатьев– О. Мануйлова– Л. Ильина– А. Михалёв– Т. Cадыков– Ж. Үмөтов– C. Ишенов ж. б. кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармалары түзөт. Экспонаттары жаңы табылгалар м-н үзбөй толукталып турат. Директорлору: А. И. Игнатьев, К. Усубалиева, М. Юсупова, 1997-жылдан Ю. Шыгаев.