КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН «БИЛИМ» КООМУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН «БИЛИМ» КООМУ 1948-ж. 15-январда респ-канын белгилүү окумуштууларынын ж-а мад-т өкүлдөрүнүн демилгеси м-н түзүлгөн. Максаты – билим, илим,
ил.-техниканын, мад-ттын жетишкендиктерин эл арасында түшүндүрүү ж-а элдин билимин ж-а мад-тын көтөрүү. Көрүнүктүү окумуштуулар,
чарба адистери, мад-т өкүлдөрү ж. б. респ-канын
интеллигенциясынын бардык алдынкы өкүлдөрү коомдун мүчөлөрү болушкан. Коомдун мүчөлөрүнүн саны 1990-ж. 42 миңге жеткен. Алар ишкана-мекемелерде, мал чарба тармагында ички ж-а тышкы саясат, алдынңкы тажрыйба ж. б. бардык темаларда аңгеме, лекция өткөрүп турушкан. «Билим» коому тарабынан элдик ун-ттер түзүлгөн. 1991-ж. респ-када 655 элдик ун-т иштеп, 250 миңден ашык киши билим алган. «Билим» коому рынок шарттарына ылайыктуу элдик ун-ттердин структура, программаларын өзгөртүп, жумушсуз калгандарга, кошумча жаңы адистик алууга мажбур болгондор
үчүн түрдүү багыттагы курстарды ачкан. «Билим» коомунун түрдүү багыттагы курстарынан 100 миңден ашык адам кошумча жаңы адистикке ээ болушкан. «Билим» коомунун элдик ун-ттери экономика, тех. ж-а мед. билимдер, чет тилдер, мад-т, дизайн ж-а кол өнөрчүлүк б-ча кошумча адистерди даярдайт.
А.
Бакиров.