КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАЛДАР ЖАНА ЖАШТАР КИТЕПКАНАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАЛДАР ЖАНА ЖАШТАР КИТЕПКАНАСЫ К. Б а я л ин о в а т н. – респ. ири китепкана. Жаш
өспүрүмдөрдү, жаштарды ж-а ата-энелерди китепканалык-библиогр. жактан камсыз кылуучу мекеме. Китепкана КР Маданият ж-а туризм
министрлигине карайт. 1958-ж. түзүлгөн Респ. балдар китепканасы ж-а 1976-ж. түзүлгөн Респ. жаштар китепканасы 1997-ж. бириктирилип, Республикалык балдар ж-а жаштар китепканасына айланган. 1993-ж. К. Баялиновдун ысмы ыйгарылган. Китепканада 15 бөлүм иштейт: окурмандарды каттоо; күбөлүк берүү; ад-ттарды топтоо; окурмандарды маалымат б-ча тей-
леп, китептерди үйгө жазып берүү; маалыматтык-ресурстук «Америка борбору»; маалыматтык-библиогр. бөлүмү; карточкаларды картотекага жайгаштырып, электрондук каталог түзүү ж. б. кирет. «Искусство» бөлүмү – ноталык-муз. ад-ттарды топтоо, окурмандарга сунуштоо иштерин жүргүзөт; муз. аспаптарда ойноого шарт түзүлгөн; Китепкана жыл сайын 240 аталыштагы гезит-журналдарды алат; «Өнүгүү үчүн маалымат борбору» бөлүмү эл аралык уюмдардын жардамы аркылуу түзүлгөн. КРдин ж. б. мамлекеттерден экономика, тарых, мад-т б-ча ад-ттарды топтойт; коомчулук м-н байланыш түзүү ж-а массалык иштер бөлүмү көрсөтмө куралдарды түзүп жайылтат (о. эле китептердин

бет ачар аземдери, жазуучулар м-н жолугушууларды, ар кандай маданий иштерди, мелдештерди ж. б. өткөрөт); «Жаңылык» бөлүмү – китепканага жаңы түшкөн ад-ттар м-н иштеп, кыска мөөнөткө үйгө жазып берүү иштерин жүргүзөт. 800 орундуу 5 окуу, 250 орундуу лекция залы ж-а 3 млн томдон ашык китеп ж-а гезит-журнал сактоочу жайы бар. Китепканада 158 кызматкер эмгектенет (2012). Китеп фондунда 500 000 нускадагы китеп ж-а мезгилдүү басылмалар бар. Окурмандардын саны 36 500гө жакын.
С. Ишенов.