КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ М. К ү р ө ң к ө е в а т н. – респ-дагы орто билим берүүчү муз. окуу жайы. 1939-жылдын 23-октябрында Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатынын муз.-хореогр. окуу жайын ачуу ж-дө токтому м-н уюшулган. 1945-ж. Муратаалы Күрөңкөевдин ысмы берилген. Алгач ачылган вокал, оркестр, фортепьяно бөлүмдөрүндө окуу 1940-ж. 5-февралында башталып, 26 бала кабыл алынып, окуу жайынын алдында жети жылдык муз. мектеп ачылган. 1940-жылдын 1-сентябрынан тартып окуу жайы толук кандуу иштей баштаган. Ага негизинен балдар муз. мектептерин бүтүргөндөр ж-а музыкага жөндөмдүү, жалпыга милдеттүү сегиз жылдык билим алгандар, вокалдык бөлүмүнө орто мектепти бүтүргөндөр кабыл алынган. 1943-ж. кыргыз эл аспаптары, хореография бөлүмдөрү ачылган. Окуу жайда 9 бөлүм бар: фортепьяно, музыка теориясы, оркестрдик (үйлөмө, урма, кылдуу аспаптар), вокалдык, хор дирижёру, эстрадалык, кыргыз эл аспаптары, орус эл аспаптары. Хореогр. бөлүмү 1980-ж. атайын окуу жайы катары өзүнчө бөлүнгөн). Окуу жайдын күндүзгү ж-а сырттан окуу бөлүмдөрү бар. Муратаалы Күрөңкөев атн. стипендия белгиленген. Директорлору: Ф. Поляков, А. Малдыбаев, А. Коханов, Г. Коган, И. Рябов, А. Керимбаев, А. Асакеев, Ж. Момункулов, 1986-жылдан Т. Мураталиев.