КЫТАЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫТАЕВ Насыр (июнь, 1917, Чүй өрөөнү, азыркы Аламүдүн р-ну, Кой-Таш кыш. – 6. 8. 1999
ошол эле жер) – Кыргыз ССР эл арт. (1967).

Фрунзедеги муз. окуу жайында окуган (1932). Москвадагы А. Луначарский атн. театр ин-тунун актёрдук ф-тин В. А. Орловдон таалим алып бүтүргөн (1941). Кыргыз мамл. драма театрында 43 жыл иштеп, 150дөн ашык роль аткарган. Улуттук театр иск-восунун өнүгүшүндө чоң салым кошкон. К-ге образдардын коомдук ордун так ачып берүү мүнөздүү. Негизгилери: Лир, Кассио (У. Шекспир, «Король Лир», «Отелло»), Фердинанд (И. Шиллер, «Жүзү каралык Жан а сүйүү»), Осип (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Паратов, Любим Тарцов (А. Островский, «Сепсиз кыз», «Кедейлик кемтик эмес»), Олег Кошевой (А. Фадеев, «Жаш гвардия»), Курман-

бек, Камалбек апенди (К. Жантөшев, «Курманбек», «Каныбек»), Үмөталы (А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөнү»), Бабажан корбашы (К. Маликов, «Бийик жерде»), Нияз, Сабыр, Садыркул, Катаган (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт», «Тар капчыгай», «Атабектин кызы», «Сүйүү жана үмүт»), Болот (А. Көбөгөнов, «Болот менен Тынар»), ж. б. Операда: Учей-Фунун (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Кошойдун (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Манас»), Кузнецовдун (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз») ж. б. партияларын аткарган. К. киного да тартылган («Салтанат», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Каныбек», «Токтогул», «Жоро», «Көчө» ж. б.). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Львов Н. Киргизский театр. М., 1953; Брудный Д. Театральное искусство Киргизии. М., 1959.