«КЫРК КЫЗ»: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
«КЫРК КЫЗ» – каракалпак элинин баатырдык эпосу. Анда каракалпак элинин эркиндикке, теңдикке болгон умтулуусу, чет элдик баскынчыларга каршы баатырдык күрөшү баяндалат. Күрөш Аллаярдын Саркоп чебин калмактар бузуп, мал-мүлкүн талап, элин туткундап, өз жерине айдап кеткенинен башталып, Гүлайым баштаган кырк кыз өзгөчө баатырдык, туруктуулук көрсөтүп, өз элин калмактан бошотушу м-н аяктайт. Эпостун «К. к.» аталышы да ушундан. Мындай адилеттүү жеңишке Гүлайым баштаган кырк кыз талоончул Хива хандарына, Иран шахына каршы күрөштө да ээ болот. Эпостун окуяларына караганда, чыгарманын жаралыш доору 17–18-к-га таандык. «К. к.» жомокчу Курбанбай Тажибаевден 1940-ж. жазылып алынып, жарыяланган. Ал көп тилдерге (а. и. кыргыз тилине да) которулган.