КЫРГЫЗ ЭЛДИК МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v>KadyrM
No edit summary
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ ЭЛДИК МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАРЫ . Муундан-муунга мурас болуп келе жаткан түрдүү муз. аспаптарда кыргыз элинин жашоо-турму­шун, кубанычын, кайгы-капасын, махабатын, эрдиктерин ж. б. күүгө салуу, ырга кошуу м-н өздөрүнүн кулк-мүнөздөрүнө айкалышкан улут­тук ладдарын, ритмдерин, обондорун, күүлөрүн иштеп чыгышкан. К. э. м. а-нын ар биринин өзүнө таандык үнү, аткаруу ыкмалары, кайта­лангыс өзгөчөлүктөрү бар. Алар ж-дө маалы­маттар оозеки элдик ырларда, уламыштарда ж-а дастандарда айтылат, б. з. ч. 3–8-к-дагы ж-а 11–12-к-дагы орус ж-а чет элдик саякатчы­лар м-н илимпоздордун эмгектеринен да кездеш­тирүүгө болот. Алгачкы аспаптар жыгачтан, түрдүү өсүмдүктөрдөн, малдын териси м-н сөө­гүнөн, мүйүзү м-н кылынан жасалган. Муз. ас­паптарга чыгарылган обондор жар чакырууда, жоокерлерди чогултууда, жоого аттанууда, улуу жеңиштерди даңктоодо, кабарлоодо, белги берүүдө, аңды үркүткөндө, куш салууда ж. б. пайдаланылган. К. э. м. а. үйлөмө [чоор түрлөрү: чопо чоор, ышкырык чоор, чогойно чоор, бал­тыркан чоор, сыбызгы, сурнай, керней, жалбы­рак, чыңырткы, зуулдак, барылдак, ышкырык, чымылдак]; какма (темир ооз комуз, жыгач ооз комуз), дирилдек, асатаяк, шалдырак, коңгу-

1. Комуз. 2. Кыяк. 3. Темир комуз. 4. Жыгач комуз. 5. Тай туяк. 6. Добулбас. 7. Шалдырак. 8. Чопо чоорлор. 9. Чоорлор. 10. Сурнай. 11. Керней.


роо, жылаажын, жекесан; кылдуу чертме (ко­муз); тартма (кыл кыяк); урма (добулбас, до­булбаш, доол) болуп бөлүнөт. К. э. м. а-н өр­күндөтүү 1930-жылдан башталган. Комуздун алгачкы жаңы түрлөрү (комуз-прима, комуз-се­кунда, комуз-альт, комуз-тенор, комуз-бас) Москвадагы Сокольники муз. фабрикасында ус­талар В. Лазарев, А. Токмаков, П. Шошин ж-а П. Гренев биргелешип иштөөсү м-н өркүндө­түлгөн (1935). Кыл кыяктын жаңы түрлөрүн П. Шошин (1938–40), Ташкент ил.-из. ин-тунун проф. А. Петросянц м-н С. Дидеренко (1952–53) модернизациялашкан. Акыркы 15 жылда Кыр­гыз эл аспаптар оркестринде, «Камбаркан» эт­ногр.-фольклордук, «Ордо сахна» ансамблде­ринде улуттук муз. аспаптар кеңири пайдала­нылат. Б. Алагушов.


Ад.: С. Субаналиев. Киргизские музыкальные ин­струменты. Ионофоны, мебранафоны и аэрофоны. Ф., 1985; Б. Алагушов. Кыргыз музыкасы. Энциклопе­дия. Б., 2007.