КЫРГЫЗ ЭЛДИК МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАРЫ
КЫРГЫЗ ЭЛДИК МУЗЫКАЛЫК АСПАПТАРЫ . Муундан-муунга мурас болуп келе жаткан түрдүү музыкалык аспаптарда кыргыз элинин жашоо-турмушун, кубанычын, кайгы-капасын, махабатын, эрдиктерин жана башкаларды күүгө салуу, ырга кошуу менен өздөрүнүн кулк-мүнөздөрүнө айкалышкан улуттук ладдарын, ритмдерин, обондорун, күүлөрүн иштеп чыгышкан. Кыргыз элдик музыкалык аспаптарынын ар биринин өзүнө таандык үнү, аткаруу ыкмалары, кайталангыс өзгөчөлүктөрү бар. Алар жөнүндө маалыматтар оозеки элдик ырларда, уламыштарда жана дастандарда айтылат, биздин заманга чейинки III–VIII кылымдардагы жана XI–XII кылымдардагы орус жана чет элдик саякатчылар менен илимпоздордун эмгектеринен да кездештирүүгө болот. Алгачкы аспаптар жыгачтан, түрдүү өсүмдүктөрдөн, малдын териси менен сөөгүнөн, мүйүзү менен кылынан жасалган. Музыкалык аспаптарга чыгарылган обондор жар чакырууда, жоокерлерди чогултууда, жоого аттанууда, улуу жеңиштерди даңктоодо, кабарлоодо, белги берүүдө, аңды үркүткөндө, куш салууда жана башкаларда пайдаланылган.Кыргыз элдик музыкалык аспаптары үйлөмө [чоор түрлөрү: чопо чоор, ышкырык чоор, чогойно чоор, балтыркан чоор, сыбызгы, сурнай, керней, жалбырак, чыңырткы, зуулдак, барылдак, ышкырык, чымылдак]; какма (темир ооз комуз, жыгач ооз комуз), дирилдек, асатаяк, шалдырак, коңгуроо, жылаажын, жекесан; кылдуу чертме (комуз); тартма (кыл кыяк); урма (добулбас, добулбаш, доол) болуп бөлүнөт.

Кыргыз элдик музыкалык аспаптарын өркүндөтүү 1930-жылдан башталган. Комуздун алгачкы жаңы түрлөрү (комуз-прима, комуз-секунда, комуз-альт, комуз-тенор, комуз-бас) Москвадагы Сокольники музыкалык фабрикасында усталар В. Лазарев, А. Токмаков, П. Шошин жана П. Гренев биргелешип иштөөсү менен өркүндөтүлгөн (1935). Кыл кыяктын жаңы түрлөрүн П. Шошин (1938–1940), Ташкент илимий-изилдөө институтунун профессору А. Петросянц менен С. Дидеренко (1952–1953) модернизациялашкан. Акыркы 15 жылда Кыргыз эл аспаптар оркестринде, «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук, «Ордо сахна» ансамблдеринде улуттук музыкалык аспаптар кеңири пайдаланылат. Б. Алагушов.
Ад.: С. Субаналиев. Киргизские музыкальные инструменты. Ионофоны, мебранафоны и аэрофоны. Ф., 1985; Б. Алагушов. Кыргыз музыкасы. Энциклопедия. Б., 2007.