КЫРГЫЗ УЛУТТУК ОПЕРА ЖАНА БАЛЕТ ТЕАТРЫ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ УЛУТТУК О́ПЕРА ЖАНА БАЛЕ́Т ТЕАТРЫ А. М а л д ы б а е в а т н. – Кырг-ндагы жалгыз опера ж-а балет театры, Кыргыз муз. мад-тынын борбору. 1937-ж. Фрунзе ш-нда Кыргыз мамл. театрынын базасында муз. драма театры болуп уюшулган. Алгач опера спектаклдери кыргыз ж-а орус тилдеринде коюлган. 1942-ж. Кыргыз мамл. опера ж-а балет театрына айланышы улуттук профессионал муз. иск-вонун калыптанышында, өнүгүшүндө өзүнчө мектеп болгон. Адегенде «Алтын кыз» (1937),

«Ажал ордуна» (1938) муз. драмалары коюлган. 1939-ж. театрда кыргыздын туңгуч улуттук операсы «Айчүрөк» (музыкасы В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференики; либреттосу Ж. Турусбеков, К. Маликов, Ж. Бөкөмбаевдики, дирижё- ру В. Целиковский, реж. А. Куттубаев, сүрөтчүсү Я. Штоффер) коюлган. Кыргыздын профессионал муз. иск-восун өнүктүрүүдөгү театрдын алгачкы ийгиликтери 1939-ж. Кыргыз иск-восунун Москвада өткөн он күндүгүндө белгиленип, театр Ленин ордени м-н сыйланган. 1940-жылдарда театрда туңгуч кыргыз балеттери «Анар» (музыкасы В. Власов, В. Ференики; либреттосу К. Эшмамбетов, Н. Холфиндики, балетмейстери Н. Холфин), «Селкинчек» (1943, В. Власов, В. Фере), «Чолпон» (1944, 3-ред. 1958, В. Власов, В. Фере), улуттук опералары: «Токтогул» (1940, А. Веприк), «Элдин таалайы үчүн» (1941, В. Власов, В. Фере), «Патриоттор» (1941, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере), «Манас» (1946, жаңы ред. 1966, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере), «Элдин уулу» (1946, жаңы ред. 1966, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере) коюлган. 1950-жылдардан баштап театр репертуары жаңы
чыгармалар м-н байыган, а. и. «Көл боюнда» (1951, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере), «Айдар менен Айша» (1952, А. Аманбаев, С. Германов), «Жаш жүрөктөр» (1953, М. Абдраев), «Токтогул» (1956, А. Малдыбаев, М. Абдраев), «Ак шумкар» (1957, С. Ряузов), «Мурат» (1959, Л. Книппер), «Жамила» (1961, М. Раухвергер),
«Эненин жүрөгү» (1963, С. Германов), «Олжобай менен Кишимжан» (1965, М. Абдраев), «Алтын кыз» (1974, В. Власов, В. Фере), «Бороон алдында» (1972, М. Абдраев); муз. драмалар ж-а комедиялар: «Ким кантти» (1943, М. Абдраев, А. Аманбаев, А. Малдыбаев, А. Түлеев),
«Бойдоктор» (1960, экинчи ред. 1974, А. Аманбаев), «Аста-секин, колукту» (1971, Н. Давлесов), балеттер: «Селкинчек» (1943, В. Власов,
В. Фере), «Чолпон» (1944, 3-ред. 1958, М. Раухвергер), «Ала-Тоодо жаз» (1955, В. Власов, В. Фере), «Куйручук» (1960, К. Молдобасанов, Г. Окунев), «Саманчы жолу» (1975, К. Молдобасанов) бар. О. эле дүйнөлүк классикалык чыгармалар: «Евгений Онегин», «Ак куу көлү», «Уйкудагы сулуу» (П. Чайковский), «Борис Годунов» (М. Мусоргский), «Жизель» (А. Адан), «Чио-Чио-сан» (Ж. Пуччини), «Фауст» (Ш. Гуно), «Кармен» (Ж. Бизе), «Аида», «Отелло» (Ж. Верди), «Баядерка», «Дон Кихот» (Л. Минкус) ж. б. коюлган. 1958-ж. Кыргыз ад-ты м-н иск-восунун Москвада өткөн он күндүгүндө чыглык ийгиликтери үчүн театрга акад. деген наам берилген (1959). Театрды калыптантырууга ж-а өнүктүрүүгө комп.: А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, М. Абдраев, М. Раухвергер, К. Молдобасанов, Н. Давлесов; реж.: А. Куттубаев, В. Васильев; сүрөтчүлөр: Я. Штоффер, А. Арефьев, А. Молдокматов; дирижёрлор: В. Целиковский, Ш. Орозов, Р. Миронович, К. Молдобасанов, А. Жумахматов, Н. Давлесов; балетмейстерлер: Н. Түгөлов, К. Мадемилова; хормейстерлер: С. Юсупов, К. Алиев; либретточулар: А. Токомбаев, Ж. Турусбеков, К. Маликов, Ж. Бөкөнбаев, О. Сарбагышев, Н. Байтемиров ж. б.; ырчылар: С. Кийизбаева, А. Куттубаева, К. Иманкулова, И. Деркембаева, С. Бекмуратова, А. Малдыбаев, М. Эркимбаева, Г. Ахунбаева, С. Токтоналиев, Б. Миңжылкыев, Х. Мухтаров, Т. Сейталиев, К. Сартбаева, Н. Акрамова, М. Темирбеков, А. Тентимишев, Э. Молдокулова, Д. Жалгасынова, Э. Касымов ж. б.; бийчилер: Б. Бейшеналиева, У. Сарбагышев, Р. Чокоева, А. Токомбаева, Ч. Базарбаев, М. Асылбашев, Б. Алимбаев салым кошушкан. 20-к-дын аягы – 21- к-дын башында театрда дирижёрлор: Р. Осмоналиев, Ж. Каныметов (башкы дирижёр); режиссёрлор: О. Еркимбаева, И. Сартбаев (башкы режиссёр); балетмейстрлер: К. Сыдыков, А. Нуртазин (башкы балетмейстери); М. Шарафидинов (башкы сүрөтчүсү); К. Тиленчиев (башкы хормейстери); ырчылар: С. Чоткараева, К. Турапов, В. Портнова, К. Орузбаев, Э. Нурманбетова, С. Алмасбеков, А. Ибраев, Э. Асанкулова, Т. Жакшылыков, А. Алимбаева, С. Нураков, С. Жумашев, К. Кускаков; бийчилер А. Нуртазин, С. Түкболотова, К. Сыдыков, М. Ласточкина, Д. Бийсеев, А. Ирсалиев, Р. Таирова, Б. Куттубаев, С. Куватова, К. Сулейманов, А. Ахмадалиева, А. Миңжылкыева, А. Рыскулов, Г. Жусупова, Д. Садыркулов, А. Төлөбаев ж. б. эмгектенишкен, эмгектенип жатышат. Театр хоруна ырчыларды даярдоочу студия (1956-ж. 26-июнда уюшулган) бар. 1996-ж. театрдын демилгеси м-н «Бүбүсара Бейшеналиева атындагы балет искусствосунун эл аралык фестивалы» (2000, 2008); «Болот Миңжылкыев атындагы опера искусствосунун биринчи фестивалы» (2000) өткөрүлгөн. Эл аралык долбоорлордун алкагында коюлган спектаклдер да бар: В. А. Моцарт «Сыйкыр флейта» (2001, реж. Сечи Осбринк, Швеция), У. Гажибеков «Кёроглы» (2009, реж. Афлатун Нейматзаде, Азербайжан). Театрдын 1100 орундуу имараты классикалык стилде [ордердик системада, арх. А. Лабуренко (П. Ивановдун катышуусу м-н)] салынган. Залдын плафонундагы чыгармалар Г. Айтиевдин жетекчилиги м-н жасалган. Фронтон үстүндөгү ж-а эки жагындагы скульптуралар О. Мануйловага таандык. Ички ж-а сырткы жасалгаларына кыргыздын оймо-чиймеси кеңири колдонулган. Театрда ил. конф-я, семинар, кеңешме, түрдүү тарыхый даталарга арналган салтанаттуу жыйындар өткөрүлүп турат. Имарат 1955-жылдын 15-майында пайдаланууга берилген. Театрга 1978-ж. А. Малдыбаевдин ысмы, 2000-жылдын 14-сентябрында улуттук статусу ыйгарылган. Директорлору: С. Кийизбаева, А. Куттубаева, Ч. Базарбаев, М. Баялинов, Б. Осмонов, Т. Саламатов.
Р. Бейшеналиева.