КЫРГЫЗ УЛУТТУК ОПЕРА ЖАНА БАЛЕТ ТЕАТРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ УЛУТТУК О́ПЕРА ЖАНА БАЛЕ́Т ТЕАТРЫ А. М а л д ы б а е в а т ы н д а – Кыргызстандагы жалгыз опера жана балет театры, Кыргыз музыкалык маданиятынын борбору. 1937-жылы Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик театрынын базасында музыкалык драма театры болуп уюшулган. Алгач опера спектаклдери кыргыз жана орус тилдеринде ко­юлган. 1942-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына айланышы улуттук кесиптик музыкалык искусствонун калыптанышында, өнүгүшүндө өзүнчө мектеп болгон. Адегенде «Алтын кыз» (1937),

«Ажал ордуна» (1938) музыкалык драмалары коюлган. 1939-жылы театрда кыргыздын туңгуч улуттук опе­расы «Айчүрөк» (музыкасы В. Власов, А. Мал­дыбаев, В. Ференики; либреттосу Ж. Турусбе­ков, К. Маликов, Ж. Бөкөмбаевдики, дирижёру В. Целиковский, режиссёру А. Куттубаев, сүрөтчүсү Я. Штоффер) коюлган. Кыргыздын кесиптик музыкалык искусствосун өнүктүрүүдөгү театрдын ал­гачкы ийгиликтери 1939-жылы Кыргыз искусствосу­нун Москвада өткөн он күндүгүндө белгиленип, театр Ленин ордени менен сыйланган. 1940-жыл­дарда театрда туңгуч кыргыз балеттери «Анар» (музыкасы В. Власов, В. Ференики; либретто­су К. Эшмамбетов, Н. Холфиндики, балетмей­стери Н. Холфин), «Селкинчек» (1943, В. Вла­сов, В. Фере), «Чолпон» (1944, 3-редакция, 1958, В. Вла­сов, В. Фере), улуттук опералары: «Токто­гул» (1940, А. Веприк), «Элдин таалайы үчүн» (1941, В. Власов, В. Фере), «Патриоттор» (1941, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере), «Манас» (1946, жаңы редакция. 1966, В. Власов, А. Малдыба­ев, В. Фере), «Элдин уулу» (1946, жаңы редакциясы. 1966, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере) коюлган. 1950-жылдардан баштап театр репертуары жаңы чыгармалар менен байыган, анын ичинде «Көл боюнда» (1951, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере), «Ай­дар менен Айша» (1952, А. Аманбаев, С. Герма­нов), «Жаш жүрөктөр» (1953, М. Абдраев), «Ток­тогул» (1956, А. Малдыбаев, М. Абдраев), «Ак шумкар» (1957, С. Ряузов), «Мурат» (1959, Л. Книппер), «Жамила» (1961, М. Раухвергер), «Эненин жүрөгү» (1963, С. Германов), «Олжо­бай менен Кишимжан» (1965, М. Абдраев), «Ал­тын кыз» (1974, В. Власов, В. Фере), «Бороон алдында» (1972, М. Абдраев); музыкалык драмалар жана комедиялар: «Ким кантти» (1943, М. Абд­раев, А. Аманбаев, А. Малдыбаев, А. Түлеев), «Бойдоктор» (1960, экинчи редакция. 1974, А. Аман­баев), «Аста-секин, колукту» (1971, Н. Давле­сов), балеттер: «Селкинчек» (1943, В. Власов, В. Фере), «Чолпон» (1944, 3-редакция. 1958, М. Раух­вергер), «Ала-Тоодо жаз» (1955, В. Власов, В. Фере), «Куйручук» (1960, К. Молдобасанов, Г. Окунев), «Саманчы жолу» (1975, К. Молдо­басанов) бар. Ошондой эле дүйнөлүк классикалык чы­гармалар: «Евгений Онегин», «Ак куу көлү», «Уйкудагы сулуу» (П. Чайковский), «Борис Го­дунов» (М. Мусоргский), «Жизель» (А. Адан), «Чио-Чио-сан» (Ж. Пуччини), «Фауст» (Ш. Гу­но), «Кармен» (Ж. Бизе), «Аида», «Отелло» (Ж. Верди), «Баядерка», «Дон Кихот» (Л. Мин­кус) жана башкалар коюлган. 1958-жылы Кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүндө чыг­лык ийгиликтери үчүн театрга академиялык деген наам берилген (1959). Театрды калыптантырууга жана өнүктүрүүгө композиторлор А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, М. Абдраев, М. Раухвергер, К. Молдобасанов, Н. Давлесов; режиссёрлор: А. Куттубаев, В. Васильев; сүрөтчүлөр: Я. Штоффер, А. Арефьев, А. Молдокматов; дирижёрлор: В. Целиковский, Ш. Орозов, Р. Миронович, К. Молдобасанов, А. Жумахматов, Н. Давлесов; балетмейстер­лер: Н. Түгөлов, К. Мадемилова; хормейстерлер: С. Юсупов, К. Алиев; либретточулар: А. Током­баев, Ж. Турусбеков, К. Маликов, Ж. Бөкөн­баев, О. Сарбагышев, Н. Байтемиров жана башкалар; ыр­чылар: С. Кийизбаева, А. Куттубаева, К. Иман­кулова, И. Деркембаева, С. Бекмуратова, А. Малдыбаев, М. Эркимбаева, Г. Ахунбаева, С. Токто­налиев, Б. Миңжылкыев, Х. Мухтаров, Т. Сей­талиев, К. Сартбаева, Н. Акрамова, М. Темир­беков, А. Тентимишев, Э. Молдокулова, Д. Жал­гасынова, Э. Касымов жана башкалар; бийчилер: Б. Бей­шеналиева, У. Сарбагышев, Р. Чокоева, А. То­комбаева, Ч. Базарбаев, М. Асылбашев, Б. Алим­баев салым кошушкан. XX кылымдын аягы – XXI кылымдын башында театрда дирижёрлор: Р. Осмона­лиев, Ж. Каныметов (башкы дирижёр); режис­сёрлор: О. Еркимбаева, И. Сартбаев (башкы ре­жиссёр); балетмейстрлер: К. Сыдыков, А. Нурта­зин (башкы балетмейстери); М. Шарафидинов (башкы сүрөтчүсү); К. Тиленчиев (башкы хор­мейстери); ырчылар: С. Чоткараева, К. Турапов, В. Портнова, К. Орузбаев, Э. Нурманбетова, С. Алмасбеков, А. Ибраев, Э. Асанкулова, Т. Жакшылыков, А. Алимбаева, С. Нураков, С. Жума­шев, К. Кускаков; бийчилер А. Нуртазин, С. Түк­болотова, К. Сыдыков, М. Ласточкина, Д. Бий­сеев, А. Ирсалиев, Р. Таирова, Б. Куттубаев, С. Куватова, К. Сулейманов, А. Ахмадалиева, А. Миңжылкыева, А. Рыскулов, Г. Жусупова, Д. Садыркулов, А. Төлөбаев жана башкалар эмгектениш­кен. Театр хоруна ырчы­ларды даярдоочу студия (1956-жылдын 26-июнда уюшулган) бар. 1996-жылы театрдын демилгеси менен «Бүбүсара Бейшеналиева атындагы балет ис­кусствосунун эл аралык фестивалы» (2000, 2008); «Болот Миңжылкыев атындагы опера искус­ствосунун биринчи фестивалы» (2000) өткөрүлгөн. Эл аралык долбоорлордун алкагында коюлган спектаклдер да бар: В. А. Моцарт «Сыйкыр флейта» (2001, режиссёру Сечи Осбринк, Швеция), У. Гажибеков «Кёроглы» (2009, режиссёру Афлатун Нейматзаде, Азербайжан). Театрдын 1100 орун­дуу имараты классикалык стилде [ордердик сис­темада, архитектура А. Лабуренко (П. Ивановдун ка­тышуусу менен)] салынган. Залдын плафонунда­гы чыгармалар Г. Айтиевдин жетекчилиги менен жасалган. Фронтон үстүндөгү жана эки жагын­дагы айкелдер О. Мануйловага таандык. Ички жана сырткы жасалгаларына кыргыздын оймо-чиймеси кеңири колдонулган. Театрда илимий конференция, семинар, кеңешме, түрдүү тарыхый да­таларга арналган салтанаттуу жыйындар өткөрүлүп турат. Имарат 1955-жылдын 15-майында пайдаланууга берилген. Театрга 1978-жылы А. Мал­дыбаевдин ысмы, 2000-жылдын 14-сентябрында улуттук макам ыйгарылган. Директорлору: С. Кийизбаева, А. Куттубаева, Ч. Базарбаев, М. Баялинов, Б. Осмонов, Т. Саламатов.

Р. Бейшеналиева.