«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ» – кыргыз лексикасындагы сөздөрдүн маанилерин ачып, аларды чечмелеп түшүндүргөн лексикогр. эмгек. 1969-ж. Ж. Шүкүровдун жетекчилиги астында бир том болуп жарык көргөн. Орточо эсеп м-н 25 миң сөз ж-а сөз айкаштары камтылган. Кийин 1984-ж. сөздүктүн 1-тому (Адан – күрөгө чейин) чыгып, 2-тому ар кандай себептер м-н чыкпай калган. Редакторлору: Э. Абдулдаев ж-а Д. Исаев болгон. Сөздүккө негизинен кыргыз адабий тилинин ошол кезде активдүү колдонулган лексикасы кирген. Эскирген сөздөр м-н диалектилик, кесиптик лексиканын фактылары бар. Сөздөр алфавит тартиби б-ча жайгаштырылып, кайсы сөз түркүмүнө кирээри граммат. белгилер аркылуу көрсөтүлүп, ал сөздөрдүн лексикалык маанилери чечмеленип түшүндүрүлүп, тиешелүү мисалдар берилген. Сөздүн өтмө маанилерин, архаизмдер м-н историзмдерди, диалектилик лексика фактыларын стилистикалык жактан ажыратууда атайын белгилер колдонулган. 2010-ж. бир том (Адан –Я
га чейин), 2011-ж. академик А. Акматалиевдин жалпы редакциясы астында кайрадан «Кыргыз тилинин сөздүгү» деген ат м-н 2 томдугу жаңыланып басылып чыккан. Сөздүктө 50 миңден ашык сөз ж-а сөз айкаштары камтылган.