КЫРГЫЗСТАН АРХИТЕКТОРЛОР СОЮЗУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗСТАН АРХИТЕКТОРЛОР СОЮЗУ –
архитекторлордун ыктыярдуу коомдук чыгармачыл уюму. 1938-ж. Фрунзеде кыргыз архитекторлорунун уюмдаштыруу конф-ясында, СССР арх-лор союзунун курамында түзүлгөн. 1949-ж. өз алдынча Кыргыз ССР архитекторлор союзу болуп уюшулган. Союз арх-лорду бир уюмга баш коштуруп, алардын чеберчилиги м-н талантын өстүрүү, чыг-лык изденүүлөрүнө шарт түзүү ж-а жаш талапкерлерге камкордук кылуу милдетин аткарат. Ал идеялык-тарбиялыкж-амаданий-агартууиштериндажүргүзөт:
чыгармачыл кеңешмелер, долбоорлор ж-а курулуштар б-ча талкуулар, архитекторлордун квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрөт, элге арх-ра ж-а курулуш маселелерин жайылтып, алдынкы тажрыйбаны пропагандалайт.
К. а. с-нун жетекчи органы – съезд. Съездде Союздун башкармасы шайланат. Жумушчу уюму –
президиум ж-а секретариат. Союздун төрагалары: Г. А. Градов (1938– 41), В. Е. Верюжский (1941–43), Я. А. Штейнберг (1943–45), Проваров (1945–49), Е. Г. Писарской (1949–59), А. Исаев (1959–61, 1986–90), П. А. Афонин (1961 – 64),
В. Г. Тычинский (1964–68), Е. Г. Писарской
(1968–86), К. Алыкулов (1990–94, 1998–2001),
Д. Өмүралиев (1994–98), А. Алсеитов (2001–
05), Э. Бекташев (2005-жылдан).