КЫРГЫЗ СОВЕТ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ СОВЕТ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ – кыргыз совет ад-тынын жаралуу, телчигүү, өркүндөө тарыхын, белгилүү ад-т ишмерлеринин чыг-лык бейнелерин камтыган эмгек. Кыргыз ССР ИАнын Тил ж-а адабият ин-тунун ил. кызматкерлери тарабынан даярдалып, 1-тому 1987-ж., 2-тому 1990-ж. «Илим» басмасынан жарык көргөн. 1-томдун «Кыргыз элинин көркөм сөз мурасы» деп

аталган баш сөзүн К. Асаналиев жазга н. Эмгек беш глав адан ж-а «Балдар адабияты» деген кошумча бөлүмдөн турат. I главада – «Кыргыз совет адабиятынын жаралышы тарыхый жана мадани й шарттар» (обзордук бөлүгүн жазган – С. Жигитов); II глава – «Калыптануу жана жетилүү жолунда» (обзордук бөлүгүн жазган – О. Сооронов); III глава – «Кыргыз адабияты Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында» (обзордук бөлүгүн жазган – С. Байгазиев); IV глава – «Согуштан кийинки кыргыз адабияты» (обзордук бөлүгүн жазган – А. Садыков); V глава – «Азыркы кыргыз адабияты». Ар бир глава поэзия, проза, драматургия, көркөм котормо, корутунду бөлүмдөрүнөн туруп, адабият таануу ж-а адабий сын, акынжазуучулардын, драматургдардын чыг-лыгы, портреттерине арналган главалардан түзүлгөн. 2-тому үч главадан турат: 1) Кыргыз совет адтынын жаралышына ж-а калыптанышына бөтөнчө салымын кошкон жазуучулар; 2) «Эл акындары», «Токтогул сыйлыгынын лауреаттары» деген наамга ээ болгондор; 3) айрым жанрды өнүктүрүүдө айрыкча чыг-чыл ийгиликтерге жетишкен авторлор ж-а жазуучулардын чыг-лыгына арналган бөлүмдөр хронол. принципте жайгаштырылган. Эмгекти жаратууда К. Асаналиев, Б. Керимжанова, С. Жигитов, А. Садыков, О. Сооронов, С. Байгазиев, К. Байжигитов, О. Ибраимов ж. б. эмгектенишкен.