КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТ-ТИК ПАТЕНТТИК-ТЕХНИКАЛЫК КИТЕПКАНАСЫ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТ-ТИК ПАТЕНТТИК-ТЕХНИКАЛЫК КИТЕПКАНАСЫ (МПТК) 1967-ж. негизделген. Адеп китепкана Кыргыз ССР Мампланынын, КР Экономика ж-а финансы министрлигинин, КР Илим ж-а жаңы технологиялар б-ча к-ттин ведомстволоруна караштуу болгон. 1998-жылдан Кыргызпатенттин карамагында. МТПКда өтө маанилүү фонддор: патенттер, ГОСТтор, тех. шарттар, курулуш норма эрежелери, авторефераттар, диссертациялар, ил.-из. иштери б-ча отчёттор ж. б. сакталат. Китепкана жылына 50 миңден ашуун окурманды тейлеп, алардын колуна 1 млн 500 миңдей документ бере алат. Окурмандардын 80%ин ЖОЖдун студенттери, профессор-окутуучулар, ойлоп табуучулар, ишкерлер түзөт. МТПК белгилүү даталарга арналган тематикалык көргөзмөлөрдү уюштурат, интернет аркылуу окурмандар дүйнөнүн 60 патенттик ведомстволорунун ресурстарын колдоно алышат. Китепкананын иш-чаралары респ. басма сөздө, Кыргызпатенттин «Вестник КП: вопросы интеллектуальной собственности», «Интеллект, чыгармачылык, турмуш» журналдарына жарыяланат.