КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КООМДУК ТЕЛЕРАДИО БЕРҮҮ КОРПОРАЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КООМДУК ТЕЛЕРАДИО БЕРҮҮ КОРПОРАЦИЯСЫ –
Кырг-ндагы алгачкы радио ж-а телеберүү мекемеси. 1925-жылдары Кырг-нда алгачкы радио түйүндөр орнотула баштаган. 1926-ж. Кыргыз АОсу Кыргыз АССРине айланганда бул кубанычтуу окуяны жайылтуу үчүн радиолоштуруу демилгеси башталган. 1927-ж. биринчи жолу радио аркылуу Кыргыз АССР Борб. Аткаруу К-тинин төрагасы А. Орозбековдун доклады элге уктурулган. Бирок ал кезде радио уктурууларды даярдоочу мекеме болгон эмес. Алгачкы уюштуруучу баштоочулары: Т. Кыпчакпаев, О. Сарманов, алгачкы кызматкерлери: К. Алиев, П. Шубин, дикторлору: С. Бегматова, А. Жангорозова, К. Бектенов болгон. 1937-ж. респ-да программалары бар 43 радиотүйүн иштеген. Тармактык саналуу гана редакциялар (айыл чарба, экономика, медицина, маданият ж. б.) болгон. Ошол жылдын планы б-ча респ. берүүлөрдүн суткалык орт. көлөмү 6 саат 34 мүнөттү, ал эми жерг. берүүлөр 4 саатты түзгөн. Уктуруулар кыргыз, орус ж-а дуңган тилдеринде жүргүзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында радио олуттуу мааниге ээ болгон. Дикторлор: К. Алиев, Г. Мамбетова, В. Гонтарь, Т. Абдумомунов акыркы кабарларды окуп турушкан. 1945-жылдын 28-мартынан Кыргыз ССР Министрлер Советине караган. 1953-жылдын май айынан Радио маалымат к-ти Кыргыз ССР Мад-т министрлигине караштуу Радиомаалымат б-ча башкы башкармалыгы аталып, кийин Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1957-жылдын 5-июлдагы ¹ 240-токтому м-н Радиоберүү к-ти, ал эми 1958-ж. 30-декабрда Радио ж-а телеберүү к-ти аталып, Фрунзе телестудиясы ачылган. Телекөрсөтүүнүн биринчи диктору С. Жунушалиева, биринчи реж. Ж. Молдобаев, биринчи редактору Ш. Сматов, биринчи үн оператору С. Варибада, биринчи оператору К. Өгөбаев болгон. 1962- жылдын май айынан к-т Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Радио ж-а телеберүү б-ча К-тине алмаштырылган. 1965-жылдын 10-апрелинен Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун жарлыгы м-н К-т мамл. деген статуска ээ болгон. Кыргыз ССР Министрлер Советинин Радио ж-а телеберүү б-ча Мамл. К-ти аталып, азыркы имараты, радио үйү, телестудия салынган, о. эле жаңы тех. жабдуулар м-н камсыздала баштаган. Радионун «Алтын казынасын» толуктоодо ж-а кыргыз профессионалдык музыкасын байытууда Кыргыз телерадиосунун А. Жумакматов атн. акад. симф. оркестри чоң салым кошкон. 1974-ж. «Орбита» космостук байланыш спутнигинин жардамы м-н респ-да түстүү телекөрсөтүү башталган. 1991-ж. КРдин Мамл. телерадио агенттиги болуп түзүлүп, 1993-ж. кайрадан к-т болуп өзгөртүлгөн. 1995-ж. таңкы «Замана» студиясы ачылган. 1996-ж. КРдин Мамл. телерадио к-ти корпорацияга айландырылып,
«Ала-Тоо» маалымат борбору, «Нур», «Ата-
Журт» продюсердик борборлору түзүлгөн. Мурдагы редакциялар чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмелерге («Манас», «Айкөл», «Ата-Журт»,
«Достук») өзгөртүлүп, ал эми кыргыз радиосунда «Казына», «Ибарат», «Жаш толкун», «Кабарлар», «Кыргызстан» ж. б. чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмелер түзүлгөн. Кыргыз радиосунун 2- программасы «21-кылым радиосу» болуп ачылган. 2003-ж КРдин Улуттук телерадио корпо-

рациясы аталып, Улуттук статуска ээ болгон. 2006-ж. КРдин Мамл. телерадио к-ти болуп, ал эми чыг-лык бирикмелер кайрадан редакцияларга, студияларга өзгөртүлгөн. 2008-ж. кайрадан КРдин Улуттук телерадио корпорациясы аталган. 2010-ж. КРдин коомдук телерадио корпорациясы болуп өзгөртүлүп, курамы 15 кишиден турган Байкоочу кеңеши түзүлгөн. Көрсөтүүлөрдү иретке келтирип, эфирге берүүнү программа дирекциясы ишке ашырат. Учурда корпорацияда Коомдук 1-канал, анын курамында «Ала-Тоо» маалымат борбору, «Ибарат» маданий-агартуу борбору, «Замана», «Дөөлөт», «Келечек» студиялары, жаштар редакциясы, соц.- экон. программалар редакциясы бар. КТРКнын «Кыргыз радиосу» бирикмесинде «Биринчи радио», «Кыргыз радиосу», «Миң кыял ФМ», «Түнкү Белес» ж-а «Балдар ФМ» радиолору, респ. Радио Теле Борбор ж-а «Кыргызтелефильм» студиясы бар. Заманбап жаңы технол. жабдуулар м-н жаңыланууда. Жетекчилери: С. Бектурсунов (1931–32), Т. Кыпчакбаев, О. Сарманов (1933–37), Т. Шамшиев (1938–41). В. Экстратов, К. Кыдырбаева (1942–48), М. Токобаев (1949– 53), Т. Суванбердиев (1953), Р. Менсеитова (1957– 60), А. Ботоканова (1961–64), А. Токомбаев (1964–85), А. Стамов (1985–86), У. Орозова (1986– 91), С. Жээнбеков (1991–92), Т. Казаков (1992– 93), К. Өмүркулов (1993–94), А. Матисаков (1994–95), А. Карыпкулов (1996–2001), М. Мамбетакунов (2001), Т. Айтикеева (2002–04), С. Мусаев (2004–05), С. Абдракманов (2005), К. Молдокасымов (2005–07), М. Эшимканов (2007– 09), К. Орозбай кызы (2009–10), 2010-жылдан К. Оторбаев.