КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КООМДУК ТЕЛЕРАДИО БЕРҮҮ КОРПОРАЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КООМДУК ТЕЛЕРАДИО БЕРҮҮ КОРПОРАЦИЯСЫ – Кыргызстандагы алгачкы радио жана телеберүү меке­меси. 1925-жылдары Кыргызстанда алгачкы радио түйүндөр орнотула баштаган. 1926-жылы Кыргыз автономиялык облусу, Кыргыз автономиялык советтик социалисттик республикасына айланганда бул куба­нычтуу окуяны жайылтуу үчүн радиолошту­руу демилгеси башталган. 1927-жылы биринчи жолу радио аркылуу Кыргыз автономиялык советтик социалисттик республикасынын Борбордук Атка­руу Комитетинин төрагасы А. Орозбековдун докла­ды элге уктурулган. Бирок ал кезде радио укту­рууларды даярдоочу мекеме болгон эмес. Алгач­кы уюштуруучу баштоочулары: Т. Кыпчакпаев, О. Сарманов, алгачкы кызматкерлери: К. Алиев, П. Шубин, дикторлору: С. Бегматова, А. Жан­горозова, К. Бектенов болгон. 1937-жылы республикада программалары бар 43 радио түйүн иштеген. Тар­мактык саналуу гана редакциялар (айыл чар­ба, экономика, медицина, маданият жана башкалар) бол­гон. Ошол жылдын планы боюнча республикалык берүүлөрдүн суткалык орточо көлөмү 6 саат 34 мүнөттү, ал эми жергиликтүү берүүлөр 4 саатты түзгөн. Уктуруулар кыр­гыз, орус жана дуңган тилдеринде жүргүзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында радио олуттуу мааниге ээ болгон. Дикторлор: К. Алиев, Г. Мамбетова, В. Гонтарь, Т. Абдумомунов акыр­кы кабарларды окуп турушкан. 1945-жылдын 28-мартынан Кыргыз ССР Министрлер Совети­не караган. 1953-жылдын май айынан Радио маалымат комитети Кыргыз ССР Маданият министр­лигине караштуу Радиомаалымат боюнча башкы башкармалыгы аталып, кийин Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1957-жылдын 5-июлда­гы ¹ 240-токтому менен Радиоберүү комитети, ал эми 1958-жылы 30-декабрда Радио жана телеберүү комитети аталып, Фрунзе телестудиясы ачылган. Теле­көрсөтүүнүн биринчи диктору С. Жунушалиева, биринчи режиссёру Ж. Молдобаев, биринчи редакто­ру Ш. Сматов, биринчи үн оператору С. Вариба­да, биринчи оператору К. Өгөбаев болгон. 1962-жылдын май айынан комитет Кыргыз ССРинин Ми­нистрлер Советинин Радио жана телеберүү боюнча комитетине алмаштырылган. 1965-жылдын 10-апре­линен Кыргыз ССР Жогорку Советинин Прези­диумунун жарлыгы менен комитет мамлекеттик деген макамга ээ болгон. Кыргыз ССР Министрлер Совети­нин Радио жана телеберүү боюнча Мамлекеттик комитети ата­лып, азыркы имараты, радио үйү, телестудия салынган, ошондой эле жаңы техникалык жабдуулар менен кам­сыздала баштаган. Радионун «Алтын казына­сын» толуктоодо жана кыргыз профессионалдык музыкасын байытууда Кыргыз телерадиосунун А. Жумакматов атындагы академиялык симфониялык оркестри чоң салым кошкон. 1974-жылы «Орбита» космостук бай­ланыш спутнигинин жардамы менен республикада түстүү телекөрсөтүү башталган. 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио агенттиги болуп түзүлүп, 1993-жылы кай­радан комитет болуп өзгөртүлгөн. 1995-жылы таңкы «За­мана» студиясы ачылган. 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио комитети корпорацияга айландырылып, «Ала-Тоо» маалымат борбору, «Нур», «Ата-Журт» продюсердик борборлору түзүлгөн. Мур­дагы редакциялар чыгармачыл-өндүрүштүк би­рикмелерге («Манас», «Айкөл», «Ата-Журт», «Достук») өзгөртүлүп, ал эми кыргыз радиосун­да «Казына», «Ибарат», «Жаш толкун», «Кабар­лар», «Кыргызстан» жана башка чыгармачыл-өндүрүш­түк бирикмелер түзүлгөн. Кыргыз радиосунун 2- программасы «21-кылым радиосу» болуп ачыл­ган. 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясы аталып, Улуттук макамга ээ болгон.


2006-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио комитети болуп, ал эми чыгармачылык бирикмелер кайрадан редакция­ларга, студияларга өзгөртүлгөн. 2008-жылы кайра­дан Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясы аталган. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын коомдук телерадио кор­порациясы болуп өзгөртүлүп, курамы 15 киши­ден турган Байкоочу кеңеши түзүлгөн. Көрсө­түүлөрдү иретке келтирип, эфирге берүүнү про­грамма дирекциясы ишке ашырат. Учурда кор­порацияда Коомдук 1-канал, анын курамында «Ала-Тоо» маалымат борбору, «Ибарат» мада­ний-агартуу борбору, «Замана», «Дөөлөт», «Ке­лечек» студиялары, жаштар редакциясы, социалдык-экономикалык программалар редакциясы бар. Кыргыз телерадио корпорациясынын «Кыргыз радиосу» бирикмесинде «Биринчи ра­дио», «Кыргыз радиосу», «Миң кыял ФМ», «Түнкү Белес» жана «Балдар ФМ» радиолору, республикалык Ра­дио Теле Борбор жана «Кыргызтелефильм» сту­диясы бар. Заманбап жаңы технологиялык жабдуулар менен жаңыланууда. Жетекчилери: С. Бектурсу­нов (1931–1932), Т. Кыпчакбаев, О. Сарманов (1933–1937), Т. Шамшиев (1938–1941). В. Экстратов, К. Кыдырбаева (1942–1948), М. Токобаев (1949–1953), Т. Суванбердиев (1953), Р. Менсеитова (1957–1960), А. Ботоканова (1961–1964), А. Токомбаев (1964–1985), А. Стамов (1985–1986), У. Орозова (1986–1991), С. Жээнбеков (1991–1992), Т. Казаков (1992–1993), К. Өмүркулов (1993–1994), А. Матисаков (1994–1995), А. Карыпкулов (1996–2001), М. Мам­бетакунов (2001), Т. Айтикеева (2002–2004), С. Му­саев (2004–2005), С. Абдракманов (2005), К. Мол­докасымов (2005–2007), М. Эшимканов (2007–2009), К. Орозбай кызы (2009–2010), 2010-жылдан К. Оторбаев иштеген.