КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КӨРКӨМ CҮРӨТ ОКУУ ЖАЙЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КӨРКӨМ CҮРӨТ ОКУУ ЖАЙЫ C. А. Ч у й к о в атн. 1939-ж.


Кырг-н сүрөтчүлөр союзунун көркөм сүрөт сту­диясынын (1935) базасында ачылган. 1980-ж. C. Чуйковдун ысмы берилген. Улуу Ата Мекен­дик согуш учурунда окуу жай убактылуу жа­былып, айрым окуучулар Самарканд көркөм сүрөт окуу жайына которулган. Окуу жайда живопись, дизайн ж-а жасалга-колдонмо иск­восу б-ча адистер даярдалат. Г. Айтиев– Л. Ильи­на– А. Михалёв– А. Игнатьев, С. Акылбеков, В. Тюрин, А. Молдакматов ж. б. белгилүү сүрөт­чүлөр эмгектенишкен. Окуу жайында Т. Сады­ков, А. Асранкулов, А. Бейшенов, Т. Герцен, Б. Жалиев, С. Ишенов, Ж. Кадралиев, Т. Курма­нов, С. Чокморов, С. Макашев, А. Арым Кубат, Д. Кадыралиев ж. б. иск-во ишмерлери окуган. Директорлору: А. И. Простев, Ш. Керимбаев, Ф. М. Зазулин, Ж. Кожакметов, М. С. Акыл­беков, Е. С. Гердюк, С. Асанбеков, Н. Конгур­баев, 1975-жылдан Т. Байбосунов.