КЫРГЫЗ КОЮ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ КОЮ – жыл бою жайытта багууга көнүккөн, катаал шартка чыдамдуу, кылчык жүндүү жерг. кой. К. к-нун башы кичине, шыйрагы ичке, өңү кара, боз түстө, төлү тез жетилип, бат эттенет. Тегерек же салпаң куйруктуу. К. к-нун орточо салмагы 48–72 кг, кочкорунуку 74–88 (ирдүүсү 109) кг, соолугунуку 56–68 кг. Жыл мезгилине жараша салмагы өзгөрүлүп турат. Жайлоодо салмагы 20–23%ке жогоруласа, кышкысын 12–20%ке (катаал кышта 35–37%) чейин түшөт. Жүнү аз, күзүндө ж-а жазында кыркылат. Жылдык орт. кыркымы 2,2–2,4 кг, кылчык, буласы тыбыт, өтмө жүн, кыл ж-а өлүү жүндөн турат. К. к. сүттүү, бир соолуктан жылына 150–170 л сүт саап алууга болот, майлуулугу 3,5–8%. Азыр К. к. көбүнчө көмөкчү чарбаларда аз-аздан багылат. К. к-нун ген. сапаттары билгичтик м-н пайдаланылып, бийик тоолуу шартта өстүрүүгө ылайыкташтырылган кыргыз уяң жүндүү кою, тянь-шань кою ж-а алай кою породалары чыгарылган.