КӨП МҮЧӨ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨП МҮЧӨ , п о л и н о м – чектелген сандагы
бир мүчөлөрдүн алг. суммасы. Бир мүчө К. м-нүн жеке учуру катары каралат. К. м-нүн курамына кирген ар бир кошулуучу анын мүчөсү деп аталат. К. м. мүчөлөрүнүн санына жараша эки мүчөлүү, үч мүчөлүү ж. б. болуп бөлүнөт. К. м-нү кыскартып жазууда милдеттик белги (символ) колдонулат. Алсак, бир гана х өзгөрмөсү бар К. м-нүн үлгү катары алынган (стандарт-
n n–1
тык) түрү f(x)=a0x +a1x
+ ... an–1x+an деп жазы-
лат, мында a0, a1, ..., an–1 көп мүчөнүн берилген
коэфф-тери, ошону м-н бирге a0=0 деп алынат.
Эгер a0=1 болсо, анда келтирилген К. м. деп аталат; n ( n EN) саны К. м-нүн даражасы, ал
эми К. м-нүн чоң мүчөсү – a xn. К. м-нүн бирдей
даражадагы окшош кошулуучулары анын бир
өңчөй мүчөлөрү деп аталат. Андай окшош мүчөлөрүн кошуп же алып өзгөртүү ал бир өңчөй мүчөнү К. м-гө келтирүү деп айтылат. К. м. даражасы б-ча 1-, 2-, 3- ж. б. даражалуу деп бөлүнүп, алар сызыктуу, квадраттык, кубдук ж. б. болуп айырмаланса, ага кирген өзгөрмөлөрүнүн
санына жараша бир өзгөрмөлүү, эки өзгөрмөлүү –
бинардык, үч өзгөрмөлүү – тернардык К. м. деп
аталат. Мис., f(x, y, z)=x2+y2+ +z2–xy–yz–xz үч
өзгөрмөлүүсү (тернардык) бир өңчөй квадраттык К. м. болот. f(x)=0 түрүндөгү алг. теңдеменин тамыры бир өзгөрмөлүү f(x) К. м-нүн тамыры деп аталат.