КӨП МҮЧӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨП МҮЧӨ , п о л и н о м – чектелген сандагы бир мүчөлөрдүн алг. суммасы. Бир мүчө К. м-нүн жеке учуру катары каралат. К. м-нүн курамы­на кирген ар бир кошулуучу анын мүчөсү деп аталат. К. м. мүчөлөрүнүн санына жараша эки мүчөлүү, үч мүчөлүү ж. б. болуп бөлүнөт. К. м-нү кыскартып жазууда милдеттик белги (сим­вол) колдонулат. Алсак, бир гана х өзгөрмөсү бар К. м-нүн үлгү катары алынган (стандарт- n n–1 тык) түрү f(x)=a0x +a1x + ... an1x+an деп жазы- лат, мында a0, a1, ..., an1 көп мүчөнүн берилген коэфф-тери, ошону м-н бирге a0=0 деп алынат.
Эгер a0=1 болсо, анда келтирилген К. м. деп аталат; n ( n EN) саны К. м-нүн даражасы, ал эми К. м-нүн чоң мүчөсү – a xn. К. м-нүн бирдей даражадагы окшош кошулуучулары анын бир өңчөй мүчөлөрү деп аталат. Андай окшош мүчөлөрүн кошуп же алып өзгөртүү ал бир өңчөй мүчөнү К. м-гө келтирүү деп айтылат. К. м. да­ражасы б-ча 1-, 2-, 3- ж. б. даражалуу деп бөлү­нүп, алар сызыктуу, квадраттык, кубдук ж. б. болуп айырмаланса, ага кирген өзгөрмөлөрүнүн санына жараша бир өзгөрмөлүү, эки өзгөрмөлүү – бинардык, үч өзгөрмөлүү – тернардык К. м. деп аталат. Мис., f(x, y, z)=x2+y2+ +z2xy–yz–xz үч өзгөрмөлүүсү (тернардык) бир өңчөй квадраттык К. м. болот. f(x)=0 түрүндөгү алг. теңдеменин тамыры бир өзгөрмөлүү f(x) К. м-нүн тамыры деп аталат.